1-июнь — «Балдарды коргоо күнү»

1-июнь — «Балдарды коргоо күнү»

 

Балдар биздин келечегибиз деп бекеринен айтылбайт эмеспи. 1-июнь «Балдарды коргоо күнүндө» Кыргыз  Республикасынын  Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал — лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Аскер институтунун өздүк курамы да балдарды куттуктоо иштеринен четте калган жок.

Аскер институтунда «Балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн» өткөрүү үчүн кайрымдуулук кутучасы орнотулуп, жетим балдарга жардам  көрсөтүү максатында офицерлер, контракттык кызматтын аскер кызматчылары жана кызматчыларынын ортосунда акча-каражат чогултултулуп, чогулган акча-каражатынын эсебинен 1-июнь «Балдарды коргоо күнүнө» карата Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылындагы Мектеп — интернат «Балдар үйүнүн» балдарына Аскер институтунун башчысынын  өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары полковник Нурбек Рыскулов жана Айымдар кеңешинин төрайымы улук сержант Салтанат Абылова тарабынан белектер, оюнчуктар жана татуулар таратылып, майрамдын урматына арналган чакан концерттик программага күбө болушту.

Полковник Н. Рыскулов иш-чаранын катышуучуларына калоосун айтып, жакшы ой-максаттарынын орундалышына тилектеш экенин билдирди. Мектеп — интернат «Балдар үйүнүн» жетекчилиги жана мугалимдер жааматы Аскер институтунан барган кызмат адамдарына терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Майрамга карата дагы бир иш-чара №3-аскер шаарчасынын тургундары жана аскер кызматкерлеринин балдары үчүн уюштурулуп, өткөрүлдү.

Тарбия иштери бөлүмү тарабынан балдарга  атайы конкурстар уюштурулуп, балдарга оюндар ойнотулду. Майрамдык маанайдагы кичинекей бөбөктөр да ѳздѳрүнүн ыр бийлерин тарттулашты.  Ошондой эле  шаарчада жашаган аскер кызматкерлеринин  балдарын балмуздак менен сүйүндүрүштү.

1-июнь — «Балдарды коргоо күнүндө» кубанычка кубаныч уланып, айлана майрамдык шаңга бөлөнүп турду.

                   Назик Сооронбаева

Добавить комментарий