1 июнь балдардын коргоо күнү

1 июнь балдардын коргоо күнү

Эл аралык балдарды коргоо күн» жыл сайын жай айынын эң биринчи күнүндө белгиленет. Жалпысынан 1-июнь  балдарды  жаркын келечекке алып барууга аракет кылуучу майрам,  анткени бул майрамдын негизги максаты өсүп келе жаткан кичинекей муунду туура тарбиялап, жардамга муктаж болгон чүрпөлөргө жардам көрсөтүү күнү. Андыктан «Балдарды коргоо күнүнө» карата Аскер институтунун тарбия иштери боюнча бөлүмчөсү тарабынан балдарга  атайы конкурс уюштурулду. Бул конкурста балдарга оюндар ойнотулду жана ѳздѳрүнүн ыр бийлерин тарттулашты.  Ошондой эле  Аскер шаарчасынын аскер кызматкерлеринин  балдарына аялдар кеңеши тарабынан балдарды балмуздак менен сүйүндүрүштү.  Ал эми майрамга күбө болгон ата-энелер Аскер институтунун жааматына ыраазычылыктарын билдиришти.  1 июнь «Балдарды коргоо күнү» майрамы кубанычка кубаныч уланып турду.           Ошондой  эле бул майрамга карата Табигый илимдер тартиби кафедрасынын доценти, математика илиминин окутуучусу Тамара Васильева 1-курсттун курсанттарына математика сабагынан «Дүйнѳдѳгү атактуу математиктер» аттуу семинар ѳткѳрдү. Курсанттар аталган темага карата атайы рефараттарды даярдашты.  Семинардын жүрүшү курсанттарга абдан кызыгууну жараттып, алган билимдери кѳрсѳтѳ алышты.        Мындан сырткары активдүү катышкан курсанттар  Грамота менен сыйланышты. Ал эми Т. Васильева ѳз сѳзүндѳ: бул семинар курсанттарга абдан жакты. Курсанттар мындай семинарлар үзгүлтүксүз болуп турушун каалашты. Бул майрам эсте кааларылык болду деп ойлойм. Ал эми курсанттардын окууларында дайым ийгиликтер коштосун. Баардыгыныздарды бүгүнкү майрам менен куттуктайм! –деди.

Назик Сооронбаева

Добавить комментарий