2019-окуу жылынын жайкы окуу мезгилинин башталышына карата митинг

2019-окуу жылынын жайкы

окуу мезгилинин башталышына карата митинг

Учурда Куралдуу Күчтѳрдүн аскер бѳлүктѳрүндѳ, мекемелеринде 2019-окуу жылынын – жайкы окуу мезгилинин башталышына карата митингдер ѳткѳрүлүүдө.

2019-жылдын 3-июнунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Аскер институтунда  да митинг белгиленип ѳттү. Аскер инситутунун саптык аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусун көтөрүү менен митинг башталып, ага Аскер институтунун башчысы полковник Руслан Шаршембиев, КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин билим берүү башкармалыгынын башчысы полковник Талгат Саалаев жана Аскер институтунун ѳздүк курамы катышты. Аскер институтунун жетекчилиги, КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлү өздүк курамды 2019-окуу жылынын – жайкы окуу мезгилинин башталышы менен куттукташып, каалоо-тилектерин айтышты.

Митинг Аскер институтунун ѳздүк курамынын салтанттуу жүрүшү менен аяктады. Ошону менен бирге ушул эле күнү Аскер институтунун тактикалык даярдоо кафедрасынын окутуучусу полковник Акылбек Асановдун Куралдуу Күчтөрдүн катарынан запаска кетип жатканына байланыштуу узатуу аземи өткөрүлүп, КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын сыйлоо жөнүндө буйругу окулуп, белектер тапшырылды.

Полковник Р.Шаршембиев ардактуу эс алууга кетип жаткан полковник А.Асановго каалоо-тилектерин билдирди жана анын аскер кызматындагы, күжүрмөн даярдыкты жогорулатуудагы, аскердик тажрыйбаларды арттыруудагы, Куралдуу Күчтөрдүн катарына патриот, билимдүү кадрдык офицерлерди даярдоодогу кошкон салымдары, аскер окуу жайынын ар түрдүү иш-аракеттерине активдүү катышкандыктары үчүн ыраазычылыгын билдирип, мындан аркы эс-алуусунда да так ошондой эле  ийгиликтер көп болушун каалап кетти. Андан тышкары тактикалык даярдоо кафедрасынын офицерлеринин жана курсанттардын каалоо-тилектери жагымдуу узатуу кечесин коштоп турду.

                                                                                               Назик Сооронбаева

 

 

 

 

 

Добавить комментарий