мугалимдердин курама командалары Бостериде беттешишти

 

мугалимдердин  курама  командалары

Бостериде  беттешишти

2019-жылдын 26-июнунан 2-июлуна чейин Ысык-Көл облусунун Бостери айлында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын мугалимдери арасында «Ден соолук — 2019» аттуу турнир болуп өттү.

Турнирде Кыргыз Республикасынын  ар бир облусунан жана Бишкек, Ош шаарларынан спорттун түрлөрү боюнча  I-II орунду ээлеген жыйырмага жакын курама командалар келип катышышты. Аталган турнирге Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунун футбол боюнча курама командасы катышып, татыктуу III орунду ээлешип, диплом менен сыйланышты. Бул жеңишти алып келгендер — Аскер институтунун машыктыруучусу подполковник Мударис Алымбаев, курама команданын офицерлери майор Ынтымак Эгембердиев, капитан  Алмаз Беккожоев, капитан Максат Сартбаев жана капитан Исламбек Алимбековдор болду.

Спорт бул – адамдын ден соолугун чыңайт эмеспи, Мекен коргоочуларбыздын спортко кызыгуусу өсө берсин демекчибиз.

   Назик  Сооронбаева

 

Добавить комментарий