3-июль — оорук кызматынын күнү

3-июль — оорук кызматынын  күнү

 

Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн оорук кызматы 3-июль күнү өзүнүн кесиптик майрамын белгилешти. Ооруктук камсыз кылуу кызматы аскерлерди ар тараптан камсыздоо багытында иш алып барат. Ошондой эле оорук кызматы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттырууга да  чоң салымын кошот.

Бүгүнкү күндө Аскер институтунун оорук кызматынын кызматкерлери өз тармагында үзүрлүү эмгектенип келишет. Ал эми Аскер институтунун башчысынын оорук боюнча орун басары полковник Бекказы Түмөнбаев оорук кызматы боюнча төмөндөгүлөрдү айта кетти:

-Оорук кызматы Аскер институтунун бөлүкчөлөрүн өз убагында тамак-аш, кийим-кече ж.б менен камсыз кылуу, өздүк курамды сапаттуу тамак-аш менен тейлөөнү уюштуруу, материалдык каражаттардын белгиленген ченемдерин ар бир аскер кызматчысына жеткирүү, ошону менен бирге кышкы от жагуу мезгилин үзгүлтүксүз өткөзүү жумуштарын аткарат. Бөлүкчөлөрдүн өз убагында мончого баруусу, кир жуу жагынан тейлөө иштери уюштурулган, ошондой эле өздүк курамдын сырткы турпаты боюнча да камкордуктар көрүлөт. Андан тышкары кышкы от жагуу мезгили Аскер институтунда үзгүлтүксүз өткөнүн дагы бир жолу белгилеп кетким келет. Жылуулук казармаларда белгиленген ченемден түшкөн жок. Азыркы убакта оорук кызматтары кышка даярдануунун камын көрүп жатышат, ошондой эле өздүк курамга (бөлүкчөлөргө) жаңы заманбап казарма курулуп жатат, бул казармада өздүк курамга бардык шарттар түзүлүүдө. Буюрса ушул жылы ишке киргизилет. Окуу процесси жана күжүрмөн техника айдоо боюнча курсанттарыбыз күйүүчү-майлоочу каражаттар менен убагында сапаттуу жана үнөмдүү камсыздалып турушат. Учурдан пайдаланып Куралдуу Күчтөрдүн   оорук    кызматкерлерин куттуктап кетким келет, баардыгыңыздарга чыӊ ден соолук, иштериңиздерге албан-албан   ийгиликтерди  каалайм. Мамлекетибизде тынчтык болсун, — деди полковник. Ал эми азык-түлүк кызматынын башчысы капитан Алмаз Беккожоев ар бир жоокердин өзүнө тиешелүү ченеми боюнча тамак-аш берилет дейт.

КР Коргоо министринин 1997-жылдын 30-декабрындагы №190 Буйругунун негизинде ысык тамак столго берилээрдин алдында анын сапаты аскердик бөлүктүн тиешелүү адамдары тарабынан текшерилет. Врач (фельдшер) бөлүк боюнча нөөмөтчү менен бирдикте ысык тамак берилүүчү жерди жана цехти, ашкананын санитардык абалын, идиш-аякты  жана    мүлктү текшерүүгө тийиш. Врач тарабынан текшерүүнүн жыйынтыгы тамак-аштын сапаттык жактан дайындалышын эсепке алуучу китепчеге жазылат. Андан кийин аскердик бөлүк боюнча нөөмөтчү өздүк курамга тамактын берилишине уруксат берет. Андан тышкары даяр тамак аскердик бөлүктүн башчысы же орун басарлары тарабынан күн сайын текшерилет. Ошондой эле бүгүнкү күндө  жоокерлерге курсанттарга жеке гигиена каражаттары өз убагында берилип турат. Быйылкы жылдан баштап спорттук кийимге КРнын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети тарабынан каражат бѳлүнүп берилип жоокерлер жана курсанттар чектелме (норма) боюнча камсыз болуп жатышат.

Ал эми улук сержант Жумадыл кызы Асель Аскер институтунун ашканасында ашпозчу болуп 15 жылдан бери кызмат өтөйт. — Бул кызматым мен үчүн өзүмө ардактуу кесип деп эсептейм. Ушул жерде иштеп оокатым өтүп жатат. Бир жылга жетпей ардактуу эс алууга кетем. 15 жыл ичинде жоокерлерге, курсанттарга күнүгө өз убактысында ысык тамак жасап бердим. 3-4 жыл ичинде жоокерлердин, курсанттардын тамактарынын сапаты мыкты деңгээлге өзгөрдү деп  айтсам болот. Ашпозчу катары бул мени абдан сүйүндүрөт. Ал эми тамакты өз убагында жана  сапаттуу даярдоо, тамактануучуларга тиешелүү азык-түлүктүн өлчөмү менен жеткирүү үчүн муздаткычтар, буюм мүлктөрү, столдор жана башка ашкана идиштери көрсөтмөгө ылайык туура пайдаланылышы жана сакталышы керек. Азык-түлүктөрдү иштетүүдө, даярдоодо, таратууда жана сактоодо, идиштерди жууп-тазалоодо санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо керек, цехтерди жана ашкананы үлгүлүү кармоо зарыл.

Аскер кызматкери болгондуктан мындан сырткары нарядга дагы чыгабыз. Ошондой эле аскер кызматчылары менен 1 жумалап полигондорго барып ашпозчулук милдеттерибизди аткарабыз. Мен өзүмдүн кесибим менен сыймыктанам деп ойлору менен бөлүштү. Аскер институтунун оорук кызматынын кызматкерлерине жетишкендиктерди, ийгиликтерди каалайбыз. Ден соолугуңар чың болуп, ар дайым тынчтыктын сакчылыгында жүргүлө!

Назик Сооронбаева

 

Добавить комментарий