31-АВГУСТ – ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮ

1990-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин депутаттары тарыхыбыздын бетинде дагы бир улуу из калтырып, олуттуу документ кабыл алышкан. Ал – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Эгемендүүлүгү жөнүндө Декларациясы болчу. Ал эми бул Декларацияны кабыл алган 300 элдик депутаттан турган Жогорку Совет «Легендарлуу парламент» аталып калганы баарыбызга белгилүү.

Декларация Кыргызстан элинин азаттыгын, бардык аймактардагы адамдардын эркиндигин жана укугун камсыз кылуу, Кыргыз элинин социалдык-экономикалык, саясий, руханий жактан эркин өнүгүүсү, демократиялык, укуктук мамлекетти курууга умтулуу, эгемендүү мамлекеттердин жаңы Союзун түзүүгө катышуу максатында негизделген. Декларациянын 1-статьясында Кыргызстан – республикадагы жарандардын, кыргыз улутунун жана бардык улуттардын кызыкчылыктарын билдирген жана коргогон, Кыргызстандын бардык элдеринин мамлекеттик жана коомдук түзүлүштү эркин тандап алуу укугун түздөн түз ишке ашыруу жолунда өнүгүп бараткан эгемендүү мамлекет экендиги айтылган.

Ошентип, 1991-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикабыз эгемендүү, көз карандысыз, суверендүү, демократиялуу өлкө деп жарыяланды.  

Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков эгемнедүүлүк туурасында «Кээ бир элдер бар эгемендүүлүк үчүн жүз жылдар бою күрөшкөн, кээ бирлери ал күрөштөрдө түбү кырылып тыптыйпыл болгон. Эмне гана деген күндөрдү башынан өткөргөн кыргыз эли эми тарыхта өз ордун таап, минтип эгемендүүлүктү белгилеп отурат», деп эскерсе,  Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев «Эгемендүүлүк ыйыктын ыйыгы. Ал адамзатка эң бийик дөөлөттү, эркиндикти алып келди» -деп кубануу менен билгилейт.

Ал эми биздин курсанттар эгемендүүлүк туурасында эмне дейт,назарыңызды салыңыз:

 

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮГҮБҮЗДҮН ТҮБӨЛҮГҮН ОЙЛОСОК – ЭНЕ ТИЛГЕ МААНИ БЕРИШИБИЗ КЕРЕК

Бүгүн тынч жана бардар жашоодо жашап жатып азаттыкка чейин ата-бабаларыбыз тарткан азаптарды, бизге бейпилдикти тартуу кылуу үчүн кан токкон күрөштөрүн, мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактап калууга аталарыбыздын кылган аракеттерин унутпашыбыз керек.

Мисалы, кыргыз эли үчүн «кыргыз» деген атты сактап калууга бешене терин төккөн Барсбек баатыр баштаган баатыр аталарыбыздын бери дегенде Октябрь революциясынан кийинки социалистик жашоодо мамлекеттик бүтүндүгүн жоготуп коюу коркунучунда калган өлкөбүздү Кыргыз Советтик Социалистик Республикасы аталышын алып берип, ал мекенчилдик сезимдери, атуулдук иш аракеттери үчүн кара жандары курман болуп, куру жалаа менен репрессияланган агаларыбыз Торокул Айтматов, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов,  аты алтын тамгалар менен жазылып калган, унутулгус тарыхий инсан, дипломат саясатчы энебиз Курманжан Датка сыяктуу инсандарды унутуу мүмкүн эмес.

Элиди сактаган -эне тили болгон. Демек, мындан кийин да түбөлүктүүлүгүбүздү ойлосок, өзүбүздү-өзүбүз сыйласак эне тилге маани беришибиз керек деп ойлоймун.

Ата-бабаларыбыз сактап келген каада-салт, үрп-адаттарыбызды ыйык тутуп жүрсөк гана, биздин алакандай болгон чакан өлкөбүз алдыга жылып, өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулат.

Мен мекенимди, элимди, жеримди сүйөм. Мекен үчүн жанымды аябастан кызмат кылам.

4-курстун курсанты Каныбеков Мырзабек.

 

МЕКЕН БИЗДИ ӨЗГӨРТПӨЙТ, БИЗ МЕКЕНДИ ӨЗГӨРТӨБҮЗ!

«Кыргыз эли кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан» дегендей чындыгында элибиздин тарыхы биздин заманга чейинки байыркы кылымдардан башталат. Кыргыз элинин катарынан канчалаган баатырлар, кагандар, хандар чыккан. Аталарыбыздын баатырдыгы менен кошо акылман энелерибиздин эмгегин унутпашыбыз керек. Кыргыз эли өз тарыхында эч качан басып алуучулук жортуулдарды уюштуруп, бирөөнүн жерине, байлыгына көз арткан эмес. Ошону менен бирге кылымдар бою өзүнүн чакан мамлекеттүүлүгүн сактоо үчүн кашык каны калганча күрөшүп келишкен.

1991-жылдын 31-августу элибиздин жүзүнө кубаныч, жашоосуна бактылуулук алып келди. Анткени, жыл сайын дал ушул күнү мамлекетибиздин Эгемендүүлүк күнүн майрамдайбыз.

Биз келечектеги урпактарыбызга, ата-бабаларыбыздан калган эгемендүүлүк баш болгон ыйык мурастарды кемитпестен тапшырып берүүгө милдеттүүбүз.

Бизге Мекен эмне кылып койду дебестен, ар бирбиз «Мен Мекен үчүн эмне кыла алам?» деп ойлонушубуз керек. Мекен бизди өзгөртпөйт, биз мекенди өзгөртөбүз. Мекенди өзгөртүү үчүн өзгөрүүнү өзүбүздөн башташыбыз зарыл.

Мекенибиз жакшырыш үчүн, баарыбыз бирге жакшы жака өзгөрөлү. «Адам күзгүсү -адам» дегендей бири-бирибизге күзгү болсок.

4-курстун курсанты Өмүр уулу Сыймык.

 

 

ЭРКИНДИКТИ ТҮШҮНСӨК ГАНА МАМЛЕКЕТТИН БАРКЫНА ЖЕТЕБИЗ.   

Кыргызстан — тарыхы эң зор, маданиятка, салттуулука, чечендике жана сөз байлыка абдан бай эли бар эгемендүү мамлекет. Ушул көз карандысыздыка ээ болуу үчүн кыргыз эли өз тарыхында канчалаган оор жолдорду басып өтүп, кыйын кезендерди башынан кечирип, чыгаан баатырлар канын төгүшкөн.

Сөз барктаган, сөзгө маани берген элибиз кээ бир кырдаалдарды салгылашуусуз, кан төгүүсүз, сүйлөшүү, кеңешүү аркылуу чече билгендиги тарых барактарында айтылуу.

Элибиз эзелтеден эркиндике маани бергендиги эмнеде. Анткени, эркиндикти эмне экенин түшүнсөк гана мамлекеттин, элдин баркына жетебиз. Эркиндик — бул мамлекет. Мамлекет — бул эркиндик. Экөө ажырагыс бийик түшүнүк. Эркиндиксиз, мамлекетсиз биз дүйнө элинин алдында эч ким эмеспиз.

31-августь Кыргыз Республикасынын көзкарандысыздыка ээ болгон күнү. Биз бул кунду сыймыктануу жана мекенчилдик сезимибизди көтөрүү менен майрамдайбыз. Ошондой эле, ушул эгемендүүлүктү түбөлүк майрамдаш үчүн урпактарга өткөрүп берүү милдети да биздин моюнубузда экенин унутпайбыз. Ал учун Мекен алдындагы кызматыбызды ар намыстуулук, чынчылдык менен аткарабыз.

4-курстун курсанты Эсенбаев Аман.

 

          

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК – БАБАЛАРДАН КАЛГАН ЫЙЫК МУРАС!!!

Баатыр жана байыркы, жоокер жана женилбес улуу эл экенибизди тарыхчылар жана тарыхий булактар аныктап келе жатат.

Кыргыздар Борбордук Азияда жашаган эң байыркы жана тарыхий окуяларга бай, таржымалы кызыктуу болгондуктан көптөгөн окумуштуулар биздин элдин басып өткөн

жолун изилдөө менен алектенип, өз эмгектерин калтырышкан. Мисалы, В.Бартольд, Ч.Валиханов, В.Радлов тарыхыбыз, санжырабыз, «Манас» эпосу баш болгон көлөмдүү чыгармаларыбыз аркылуу өзүлөрүнүн да атагы ааламга таанылды.

Манас атабыз «Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйнап журт кылдым» деп кыргыз элин сактап, чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган эмеспи. Эми биз ошол Айкөлүбүз Манас баш болгон ата-бабаларыбыздан калган ыйык мурас Эгемендүү мамлекетибизди көз карегибиздей сактап кийинки урпактарга өткөрүп берүү бирден-бир милдетибиз.

Биз да баатыр, эр журөк жана интеллиген аталарыбыз, агаларыбыз сыяктуу эл-жер үчүн күйүп, ар дайым жерибизди ички жана сырткы душмандан коргоого даяр турушубуз керек. Анткени, Ата Мекенге тирек болууга ант бергенбиз.

Кыргызстаным, өркүндөй бер, өсө бер!

 

3-курсун курсанты Н.Сагынбаев

 

 

 Назик Сооронбаева

 

 

 

 

Добавить комментарий