Эл аралык кызматашуулар чыңдоодо

 

Жогорку окуу жайлары кызматашуулары алкагында 2018-жылдын 13-апрелинде Аскер институтуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик техникалык университетинин ректору Муратаалы Жаматбаев, Биргелешкен билим берүү программаларынын институтунун директору Тойгон Борукеев, Россия Федерациясынын Д.Ф.Устинов атындагы «ВОЕНМЕХ» Балтиялык Техникалык Мамлекеттик университетинин ректорунун жардамчысы Олег Киреев келишти. Эскерте кетсек январь айынын соңунда Санкт-Петербург шаарындагы Д.Ф.Устинов атындагы «ВОЕНМЕХ» Балтиялык Техникалык Мамлекеттик университети менен Кыргыз Республикасынын аскердик кызматаштык келишимдеринин иш-аракеттеринин үзгүлтүксүз жүрүшүнүн алкагында, И.Разаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык университети, Аскер институту менен бакалврдын курамынан кандидаттарды тандап алуу жана Кыргыз-орус консорциум техникалык университеттинен бѳлүнүп алынган ѳлчѳм (квота) боюнча окутууну пландаштыруу максатында биргелешип уюштурулган иш-чара жүргүзүлгѳн. Тактап айтканда бул иш-чаранын негизинде маселелер каралып жыйынтыктоо иш-чарасы болуп ѳттү.           Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын  Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Аскер институтунун башчысы полковник Артур Темиров Пакистан Ислам мамлекетинин Улуттук коргоо университетинин делегацияcынын улук топ башында Аскердик аба күчтөрүнүн  Генералы (профессор) ААмир Башир жана   жогорку Аскер окуу жайынын билим алуучу офицерлеринин делегациясын кабыл алды.

Расмий жолугушуунун негизги максаты Аскер институтунун профессорлор жана мугалимдер курамасынын тажрыйбаларынын негизинде Пакистан мамлекетинин  аскердик окуу жайлары менен тыгыз  байланышта кызматташтыкты түзүү, жана илимий практикалык семинарларды, конференцияларды эки тараптан бирдикте уюштуруп  өткөрүү, ошону менен бирге андан ары  Аскер билимин өнүктүрүү.

Аскер институтунун башчысы полковник Артур Темиров институттун ишмердүүлүгү, тарыхы жана ѳнүгүүнүн негизги багыттары боюнча маалымат берди. Ошондой эле Аскер институтунун заманбап мультимедия окуу каражаттары менен жабдылган окуу бѳлмѳлѳрүн кѳрүп чыгышты.

Мындан ары дагы расмий жолугушуулардын негизинде эл аралык  кызматташтыктар бекемдѳѳ берүүсүнѳ ишенибиз.

Назик Сооронбаева

 

 

 

Добавить комментарий