Кыргызстан обондорунда курсанттардын таймашы

 

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн Советтер Союзунун баатыры генерал-лейтанант Калыйнур Усѳнбеков атындагы Аскер институтунун тарбия иштеринин негизинде түзүлгѳн планынын алкагында 2018-жылдын 21-апрелинде Аскер институтунун 1,2-курсунун курсанттары Кыргызстан обондору радио толкунунун «Аскер сааты» программасына катышты. Ѳтүлгѳн программада курсанттар эки топко бѳлүнүп, командалар «Офицерлер» жана «Эр жигит» деп аталды. Офицерлер тобуна: Рапкомов Дастан, Алымов Зайыр, Турдахунов уулу Шермамат аттуу курсанттар болушту. Ал эми «Эр жигит» тобуна Сагынбаев Нургаазы, Түгѳлбай уулу Дастанбек, Усубаалы уулу Русландар болду. Мындан сырткары таймаштын жүрүшүндѳ мекен ыры, кѳркѳм окуу, сүйүү ыры, аскерде болгон кызыктуу окуялар  тууралуу рубрикалары боюнча таймаш ѳттү. Таймаштын жүрүшү түз эфирден болгондуктан, Кыргызстан обондору радио толкундарынын угуучулары, күйѳрмандары эки топко ѳздѳрүнүн калоолорунун айтышып, телефон аркылуу байланыш үзүлбѳй турду. Курсанттар ѳздѳрүнүн даярдыктарын бийик деңгээлде кѳрсѳтѳ алышты.

Назик Сооронбаева

Добавить комментарий