Тренировка вальс  

Кыргыз  Республикасынын  Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал — лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Аскер институту менен  Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маданият жана искусство  университетинин ортосунда тыгыз мамиле, маданий, руханий, окуу-илимий  жана башка тармактардагы иш-чара мааракелерин биргеликте жүргүзүү максатында түзүлгѳн  кызматташтык  планынын алкагында 2018-жылда бүтүрүүчү жаш лейтенанттардын салтанаттуу аземине даярдануу «Офицердик вальс» бийин үйрѳтүү машыгуусу башталды. Аталган бий үйрѳтүү машыгууга Аскер институтунун 4-курсунун курсанттары жана Кыргыз Республикасынын Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство мамлекеттик университетинин 1,2,3 курсттун студенттери биргеликте катышууда. Машыгуу иш-чаралары Аскер институтунун саптык плацында ар жумалыкта шейшемби, бейшемби жана ишемби күндѳрү  ѳткѳрүлѳт.  

 

Добавить комментарий