Абитуриент — 2018

  Абитуриент — 2018

Үстүбүздѳгү жылдын 2-июль күнү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Усенбеков атындагы Аскер институтуна абитуриенттерди кабыл алуу комиссиясы ишке киришти. Аскер окуу жайына талапкерлерди кабыл алуу жана тандоо иретин аныктоо максатында атайын эрежерлер иштелип чыккан. Бул эрежелердин негизинде, Аскер институтунун базасында Аскер окуу жайына тапшыра турган абитуренттерге, КР Куралдуу Күчтѳрүнүн аскер бѳлүкчѳлѳрүнүн жоокерлерине жана ата-энелерине, жакындарына чогулуш ѳткѳрүлдү.

 

Аталган чогулушка Аскер институтунун башчысы полковник Артур Темиров, КР Улуттук гвардиясынын колбашчысы полковник Алмаз Карасартов,  КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Билим берүү башкармалыгынын башчысы полковник Талгат Саалаев, КР Коргоо иштери боюнча тѳрагасынын коррупцияга каршы иш-аракеттери боюнча жардамчысы  полковник  Эркин Темиралиев  катышып, КР КК Аскер окуу жайына талапкерлерди бардык тараптан баалоо жолу менен ишке ашыруу багыттары боюнча толук маалыматтар  берилди. Аскер институтуна жана чет мамлектет аскер окуу жайларына талапкер болгон ар бир абитуриент  жалпы билим берүү  боюнча, дене-тарбия боюнча жана  медициналык текшерүүдѳн ѳтүүсү зарыл. Эң кѳйгѳйлүү маселе — бул медицина тармагынан абитуриенттин ден соолугу чың, шамдагай болуусу, келечекте кыргыз армиясынын офицерлеринин катарын толуктап, Кыргыз элин, жерин коргоого дайым даяр  турган  офицер болуш үчүн каралып келет.

Мындан сырткары чет ѳлкѳлүк Аскер-медициналык академияга 10дон ашуун кыздар тапшырды. КМШ өлкөлөрүнүн жана Кытай, Туркия мамлекеттеринин абитуренттерине 17-июль күнүнѳн  баштап жыйынтыктоо иш-чаралары ѳтѳѳрү билдирилди. Жалпы абитуриенттердин кабыл алуу комиссиясынын курамында КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары полковник Нурсеитбек Кедеев, Аскер институтунун башчысы полковник Артур Темиров,  КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин билим берүү башкармалыгынын башчысы полковник Талгат Саалаев  жетекчилик кылат.

Сынактын  жүрүшү  акыйкаттуу, адилетүү, чынчыл  болуу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Баткен согушунун ардагерлеринин, Акыйкатчылардын (Омбудсмен), Аскерлердин энелеринин комитетинин ѳкүлдѳрү кѳзѳмѳлгѳ алып, тиешелүү чаралар кабыл алынат. Аскер окуу жайына окуй турган абитуриенттердин саны 2017-жылга салыштырмалуу кыйла кѳп экендиги белгилей кетели. Анткени, жаштардын Аскер окуу жайына  болгон кѳз карашы, Ата-мекенге болгон патриоттук  сезими  ѳсүүдѳ.

Даниярова Рината Ош шаарынын «Олимп» атындагы гимназиясын бүтүрүп,   жогорку аскер окуу жайына  тапшырып жаткандыгы жѳнүндѳ ѳзүнүн ою менен бѳлүштү.

— Апам менен атам аскер кызматкери.  Мен, ата-энемдин жолун жолдоп Кытай республикасынын аскердик медициналык окуу жайына тапшырып жатам. Бул кесипти ѳзүм сүйүп тандадым. Мектептен аскерге чакырууга чейинки даярдык сабагынын мугалимибиз абдан кызыктуу ѳтчү. Ошол себептен да аскер окуу жайына окууга кызыкчылыгым күчѳп, түрткү берди. Атам менен апам аскер кызматкери болгондуктан, аскер курал жарактарын кѳрүп, кийген формаларын кѳрүп кыялданчу болдум. Ал эми чоң атам аскер кызматкери болгонду каалаган, бирок тилекке каршы башка адисттин ээсин аркалап, чоң  атамдын кыялын атам орундаттып, ак пейили менен ата-мекенге кызмат ѳтѳп келет.

Былтыркы аскер окуу жайына тапшырган аскер кызматкерлерине жолуканымда, алардын насааты — ѳзүңдүн максатына карай кѳздѳ, ѳзүңдүн ѳмүрлүк жолуңду танда, ѳзүңдүн алдыга коюлган максатына умтулсан, сѳзсүз түрдѳ ийгиликке жеттесин дешкен! Келечекте Кыргыз элиме, ата-энеме, жакындарыма сыймыктана турган аскер адамы болууга, мыкты билим алууга умтулам. Ошондой эле абитуриенттерге каалоом алдыга койгон максаттары   орундалсын! – деди.

 

Назик Сооронбаева

 

Добавить комментарий