«Алга Мекен коргоочу»

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунун клубунда Аскер институнун курсанттык бөлүкчөлөрү арасында «Алга Мекен коргоочулар!» аттуу шайырлар жана тапкычтар клубунун таймашуусу болуп өттү. Таймаштын негизги максаты өздүк курамдын Мекенге болгон сүйүү сезимдерин, руханий байлыктарын жана чыгармачылыгын өркүндөтүү болуп саналды. Жыйынтыгында 1-орунду 2-курстун «28 Панфиловчулар»командасы, 2-орунду 3-курстун «Тоголок баштар» командасы, 3-орунду 1-курстун «Жети дубан» командалары ээлешти. Жеӊүүчүлөрдү Аскер институтунун башчысы полковник Канагат Уразбеков кубок, жана I, II, III даражадагы дипломдор,  медальдар, баалуу белектер менен сыйлады.

Leave a Reply