Аскер институту «Ден соолук-2022» спартакиадасында

Υстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт Департаменти жана Билим берүү жана илим министрлигине караштуу спорттук массалык иш-чаралырды өткөрүү жана жаштар менен иштөө боюнча «Жаштык» дирекциясы тарабынан «Ден соолук-2022» спартакиадасы уюштурулган. Аталган спартакиада Бишкек шаарынын жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын кызматкерлери арасында өткөрүлдү. Мелдеш 12-февралда Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спортко даярдоо академиясында өтүп, анда КР КК Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Усенбеков атындагы Аскер институтунун курама командасы жалпы эсеп менен Кичи-Фудбол оюну боюнча биринчи орунду ээлешип, кубок грамота жана меделдар менен сыйланыштты. Сыйлык ээлерин Аскер институтунун башчысы полковник Канагат Уразбеков өздүк курамдын алдында куттуктап, ыраазычылыгын билдирди.

Comments are closed