Аскер институтунда 2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгы чыгарылды.

2022-жылдын 8-сентябрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунун клубунда 2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгын чыгаруу жыйыны болуп өттү. Жыйынга Коргоо министринин биринчи орун басары полковник Таалайбек Усубалиев жана Коргоо министрлигинин аскердик билим берүү жана илим башкармалыгынын башчысынын орун басары полковник Манас Байышев катышышты. Иш чаранын жүрүшүндө Аскер институтундагы күжүрмөн жана мобилизациялык даярдык, күжүрмөн даярдык, аскерлер кызматы, тарбия иштери, окуу процесси, байланыш жана кадрдык иштерди уюштуруу каралды. Жыйында Аскер институтунун башчысынын орун басарларынын баяндамалары окулду жана Аскер институтунун башчысы  полковник  Канагат Уразбеков 2021-2022-окуу жылына  коюлган тапшырмалар максатка ылайык аткарылгандыгын белгилеп,  кийинки окуу жылына тапшырмаларды коюуу менен окуу процессине өзгөчө көӊул буруу зарыл экендигин баса белгиледи.

Соӊунда жалпы жетишкендиктер аныкталып, мыкты кафедра чек ара ишмердүүлүгү кафедрасы, мыкты бөлүкчө 3-курстун өздүк курамы ал эми мыкты взвод 4-курстун 41-окуу взводу  деп табылды.

Ошондой эле кызматында ийгилик жараткан аскер кызматчыларына жана кызматчыларга Аскер институтунун башчысы полковник Канагат Уразбеков алкыш жарыялап, грамоталарды тапшырылып, аскер наамдары ыйгарылды.

Leave a Reply