Аскер институтунда инженердик кесиптин ээлери сыйланды

Аскер институтунда инженердик кесиптин ээлери сыйланды

 Кыргыз Республикасынын Коргоо Министринин 2008-жылдын №19 буйругу менен 21-январь КР КК Аскер инженерлеринин күнү деп белгиленип келет.

Аскер институтунда инженердик кесиптин ээлери жарандык коргонуу кафедрасынын окутуучулары менен биргеликте курсанттарга аскердик жабдууларды, ок-дарыларды колдонууда персоналдык атайын даярдоону уюштуруу, аймактарды жарылуучу заттардан тазалоо, техногендик авариялардын жана кырсыктардын кесепеттерин жоюуу, табигый кырсыктардын жана гидротехникалык курулмалардын бузулушуна жол бербөө ж.б. бир катар инженердик-техникалык  тапшырмаларды теория жана практика жүзүндө окутуп үйрөтүшөт.

Азыркы учурда окуу жайыбызда тажрыйбалуу инженер окутуучулар полковник Кошкеев И.А., полковник Нурматов Б.Н., подполковник Курманалиев А.Д., подполковник Эсенов Ч.Т. запастагы полковник Мадымаров Т.К. курсанттарыбызга билим берүүдө өз милдеттерин ишенимдүү, так жана натыйжалуу аткарып келишет.

Андыктан Аскер институтунун башчысы полковник Канагат Уразбеков өздүк курамдагы кесип ээлеринин көрүнүктүү эмгегин баалоо максатында бир катар офицерлерди куттуктоо менен алкыштарды жарыялап, ардак грамоталарды тапшырды.

                     Даярдаган : кенже сержант Ногойбаева А.К.

Leave a Reply