Аскер институтунда командирлердин өздүк курам менен иштөө боюнча орун басарларынын жыйыны өткөрүлдү.

Аскер институтунда командирлердин өздүк курам менен иштөө боюнча орун басарларынын жыйыны өткөрүлдү.

2019-жылдын 16-сентябрынан баштап Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Аскер институтунун базасында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бардык аймактарындагы аскер бөлүктөрүнүн өздүк курам менен иш алып барган офицерлеринин бир айлык окуу жыйыны болуп өттү. Аталган  жыйындын иш тайжырбасын жогорулатуу максатында КР КК ГШ башчысынын  биринчи орун басары полковник Н.Кирешеевдин, Генералдык штабдык офицерлеринин, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн жана башкалардын катышуусу менен уюштурулууда. Бул жыйындын жүрүшүндө аскердеги моралдык-психологиялык ишмердүүлүк, кошуундарда жекече тарбиялоодо иштерин уюштуруу, эл аралык кызматашттыктагы мыйзамдар жана актылар, коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен туура иш алып баруу ж.б. темаларда сабактар жана тренингдер өткөрүлдү. Жыйындын соңунда өткөрүлгөн сабактар, лекциялар боюнча өздүк курамдан эгзамен кабыл алынды. Эгзамендин жыйынтыгы менен КР КК Генералдык штабынын Башкы инспекция башкармалыгынын башчысынын орун басары полковник Мирбек Казымбеков офицерлерге квалификациясын жогорулатуу курсун өткөндүгү тууралуу  сертификат тапшырды.

                                  Назик Сооронбаева

Добавить комментарий