Аскер институтунда НАТО уюмунун өкүлдөрү менен биргеликте конференция белгиленип өттү.

Аскер институтунда НАТО уюмунун өкүлдөрү менен биргеликте конференция белгиленип өттү.

2019-жылдын 16-17октябрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал — лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Аскер институтунун базасында НАТО уюмунун өкүлдөрү келип,  Билим берүү программасынын алкагында «Аскердик билим берүүнү жана реформаны жакшыртуу» боюнча «Аскердик билим берүү институттарында офицердик курамды өнүктүрүү жана даярдоо» темасында конференция өткөрүлдү.

Аталган конференцияга Аскер институтунун башчысынын орун басары полковник Данияр Полотов, КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин билим берүү башкармалыгынын башчысы полковник Талгат Саалаев, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин билим берүү башкармалыгынын улук офицери подполковник Алмаз Кочконбаев, Эл аралык мамилелер жана  билим берүү коргонуу боюнча бөлүмүнун жетекчиси подполковник Клаус Л.Хетткер (Германия), Доктор Аура Кодреану (Румыния), Патрик Лонгфилд (США), НАТОнун саясий коопсуздугу жана саясий масалелери бөлүмүнүн профессору Свен Берихард Гарейс(Германия) жана Аскер институтунун профессор жана мугалимдер жааматы катышты.

Конференциянын жүрүшүндө ар кайсы өлкөлөрдүн аскер кызматчыларын даярдоо системаларынын арасындагы өзгөчөлүктөр тууралуу талкуулар жүргүзүлдү.

Иш-чарага презентациялар коштолуп, конференция абдан кызыгууну жаратты.  Ал эми офицерлер арасында талкуулор болуп, суроолорго жооп алышты. Башка мамлекеттердин көз карашы ар тараптуу, негизинен окшоштуктары көп экендиги белгиленип, конференциянын акагындагы тайжырба алмашуу болду.

 

         Назик Сооронбаева

 

Добавить комментарий