Аскер институтунда «Нооруз» элдик майрамын майрамдоо

Аскер институтунда «Нооруз» элдик майрамын майрамдоо

Нооруз майрамынын урматына 2019-жылдын 21-мартында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал — лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Аскер институтунун базасында Нооруз элдик майрамын белгилөө иш-чарасы болуп өттү. Аскер институтунун жетекчилиги жана өздүк курамы катышышты.
Алгачкы сѳз Аскер институтунун башчысы полковник Руслан Шаршембиевге берилип, иш-чаранын катышуучуларын бүгүнкү Улуу Нооруз майрамы менен куттуктап, — «Жер жамгыр менен кѳгѳрѳт, эл бата менен кѳгѳрѳт»,- дегендей баардык эли-жерибизде ынтымак, тынчылык болсун, дасторкон нанга толсун, — деп Аскер институтунун жааматына ѳздүк курамына чын ден- соолук, иштерине ийгилик каалады.

 

Аталган иш-чара Аскер институнун Тарбия иштер бѳлүмү тарабынан уюштурулду. Ага Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз Республикасынын исскуство университетинин студенттери жана Кыргыз эстрадасынын артисттеринин концерттик программасы коштоду. Андан соң кыргыздын улуттук оюндары: тогуз коргоол, аркан тартыш, чүкө атмай жана спорттук эстафета, оюндарына курсанттар кызыгуу менен ат салышышты.

Нооруз майрамына арналып даярдалган дүр дүйүм даам жана КР КК нын Аскер институтунун өздүк курамы жана иш-чаранын коноктору кыргыз элинин салтындагы сүмөлөктөн ооз тийишти. Нооруз элдик майрамы кубанычка кубаныч уланып турду.

Назик Сооронбаева

Добавить комментарий