Аскер институтунда Ооганчыларга арналган иш-чара

Аскер институтунда Ооганчыларга арналган иш-чара

 

Мурдагы Советтер Союзунун Ооганстандан өз аскерин чыгарганына15-февралда 30жыл толот. Бул согуш ооган согушунун катышуучуларынын майрамы катары жана ооган талаасында баатырларча курман болгондорду эскерүү күнү катары тарыхта калды. Кыргызстандан ооган согушуна жети миңден ашуун аскер жөнөтүлгөн эле. Алардын 252си курман болуп, бир жарым миңдейи жараат алышкан. Алты жүзгө жакыны майып болуп кайтышкан.

Буга байланыштуу жылда ѳткѳрүлүүчү эскерүү иш-чарасы 6-февралда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант КалыйнурУсенбеков атындагы окуу жайында 30 жылдыкка карата ѳткѳрүлдү. Ал Аскер институтунун башчысынын өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары полковник Нурбек Рыскуловдун жетекчилигинде уюштурулду. Аталган иш-чарага КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилиги, Аскер институтунун жетекчилиги жана ѳздүк курамы, ошондой эле Куралдуу Күчтѳрдүн жана ооган согушунун ардагерлери чакырылды. Алар генерал-майор Мелс Бекбоев, полковник Сатыбек Молдалиев, полковник Таалайбек Шатемиров, полковник Эркин Жуматаев жана «Караван тобу». Иш-чаранын жүрүшүндѳ Ооган согушу жѳнүндѳ документалдык фильм тартууланды.

Салтанаттуу чакан аземди Аскер институтунун башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу орун басары полковник Бекказы Түмѳнбаев ачып, ооган согушунун ардагерлерин келе жаткан майрамы менен куттуктады.  Андан соң Аскер институтунун 2019- окуу жылына карата түзүлгѳн плананын негизинде ооган ардагерлери курсанттарга «Эрдик сабагы» катары бул апаат согушта башынан кечирген окуялардан айтып беришип, мекенчилдикке чакырып кетишти. Жаш курсанттарга бул сабак абдан кызыгууну жаратты. Ал эми генерал-майор Мелс Бекбоев ѳз сѳзүндѳ: «Мен 1980-1983 жылдары ооган согушуна катышкам. Ооган согушуна жаңы барганда атайын багыттагы бѳлүкчѳнүн командири болуп иштедим. Ал мезгилдерде мен капитан аскер наамында элем. Ооганстандан болсо майор аскер наамы менен кеттим. Эми ооган согушунун аяктаганынын 30 жылдыгы белгиленип жатат. Бул окуя азыркы кезде тарых барактарында. Бул тарыхты билиш керек. Аскер институтунда бул иш-чараны абдан туура уюштургансыңар, себеби бул жакта болочоктогу офицерлер билим алып жатасыңар, бул тарыхты билбесеңер тарбия алуу мүмкүн эмес деп эсептейм. Ушул максатта согуштун эмне себептен чыкканын, согуштун кѳз жаш экендигин жана Ата Мекендин, тынчтыктын маанисин түшүндүрүүгѳ аракет кылдык. Болочокто, силер командир болгондо, кийинки муунга бул тарыхты айтып берип тарбиялашыңар керек. Биздин ардагерлер кеңешинин түзүлгѳн планына ылайык мындай иш-чараны областтарда да ѳткѳзѳбүз. Биздин максатыбыз жаштардын патриоттук сезимин кѳтѳрүү жана тарбиялоо. Мамлекетибиздин кѳз карандысыздыгын сактаган, мамлекетти сүйгѳн патриоттордон болууга силерди үндѳйбүз. Эгер силер Мекенди сүйсѳңѳр мамлекеттин коопсуздугу ар дайым сакталып турат»,  — деп сѳзүн аяктады.

Ал эми Караван тобуна токтоло кетсек «Караван тобу» КРдеги ооган согушунун ардагерлер кеңешинин астында түзүлгөн. Бул чыгармачыл топтун жетекчиси Мидин Жээналиев. Ал 1984-1986-жылдары Ооганстандын Кабул шаарындагы 181-мотоаткычтар полкунда авто кербендерди коштогон Т-64 үлгүсүндөгү танктын командири болгон.  «Караван тобу» 2006-жылдан бери эмгектенип келет. Кыргыз элине мекенчил маанайындагы ырларды тартуулашат. 2016-жылдын август айында «Жоокер ыры» фестивалына конок катары катышышты. Мындан сырткары ар кандай мекенчилдикке тарбиялоо жаатындагы иш-чараларга катышып турушат. Ѳлкөбүздүн аймагында жашап жаткан ооган ардагерлеринин жакшылыктарынын да көркүн ачып, ынтымактын, биримдүүлүктүн үлгүсүн көрсөтүп келишет. Салтанаттын аягында «Караван тобунун» чакан концерти кѳрүүчүлѳргѳ тартууланды.

Назик Сооронбаева

 

 

Добавить комментарий