Аскер институтунун бүтүрүрүүчүлѳрүнүн салтанаты

Аскер институтунун бүтүрүрүүчүлѳрүнүн

салтанаты

2018-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын  Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Аскер институтунун бүтүрүүчү-курсанттары «Ата-бейит» мемориалдык комплексинде болушуп, Окуу жайдын жетекчилиги жана КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин билим берүү башкармалыгынын башчысы полковник Талгат Саалаев, курсанттардын ата-энелери жакындардынын катышуусунда митинг өткөрүлдү. Белгилей кетсек иш-чарада эстеликтерге оркестрдин коштоосунда гулдестелер коюлуп, ал жерде коюлган  улуу инсандарга куран окулду.

Ѳлкѳбүздѳгү жогорку билим берген жалгыз аскер окуу жайынын аскер бүтүрүүчүлѳрүнүн тарыхый мемиоралдык компекске барып иш-чара уюштуруусу жылдан- жылга баштаган салт болду.

Аскер институтунун башчысы полковник Артур Темиров «Мекен алдындагы ыйык милдетибизди ак ниетүүлүк менен аткарууга ар бир жигиттин ыйык милдети. «Ата-Бейитте курман болгондордун эли үчүн жасаган эмгектеринен үлгү алсак болот. Алдыңарда турган эң башкы милдет — мекенибизди патриоттулук сезим менен татыктуу коргогула. Кыргыз эли, ата-энеңер, бир туугандарыңар сыймыктана тургандай болушуңарга тилектешмин. Ыйык-жердин ыйык адамдарындай үлгүлүү Мекен коргоочулардан болгула. Силерге ак жол каалайм», -деди.

Айта кетсек ушул эле күнү Аскер институтунун клубунда бүтүрүүчү курсанттарга жана ата-энелерге  арналган майрамдык иш-чара болду. Аталган иш-чарага Аскер институтунун жетекчилиги, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын  ѳкүлдѳрү, курсанттардын ата-энелери жакындары, Аскер институтунун  ѳздүк курамы катышты. Аскер институту жана КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын  ѳкүлдѳрү тарабынан бүтүрүүчү курсттун курсанттарына каалоолор айтылып, мыкты курсанттарды тарбиялаган ата-энелерге ыраазчылык билдирилди. Андан соң КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы   тарабынан Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик тилин ѳнүктүрүүгѳ кошкон зор  салымы үчүн «Кыргыз тили»  тѳш белгиси менен  полковник Артур Темиров менен сыйланды. Ал эми Ардак грамота менен КР мамлекеттик тилин ѳнүктүрүүгѳ кошкон зор салымы үчүн Аскер институтунун башчысынын окуу жана илимий иштери боюнча орун басары полковник Таирбек Мадымаров, Мамлекеттик жана чет-тилдер кафедрасынын доценти Айнагүл Күмүшбекова, Гумманитардык тартиптер кафедрасынын мугалимдери полковник Дамир Сыдыков, жана полковник Калыгул Жумагулов, Аскер институтунун клубунун башчысы капитан Айгул Бугубаева, Каржы бѳлүмүнүн сержанты Татыгул Токторова сыйланды. Ал эми бүтүрүүчү курсанттарга китептер белек катары берилди. Иш-чара мыкты маанай жаратып, каалоо-тилектер  айтылып, майрамдык концерт менен жыйынтыкталды.

      

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ошондой эле 23-июнь күнү Аскер институтунун жаш офицерлеринин бүттүрүү кечеси Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында болуп ѳттү.

Жаш офицерлерди салтанаттуу бүтүрүү аземи менен куттуктоо үчүн Куралдуу Күчтѳрдүн Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Райимберди Дуйшенбиев, Куралдуу Күчтѳрдүн ардагерлери, ошондой эле бүтүрүүчүлѳрдүн ата-энелери жана жакындары келишти.

Бүтүрүүчулѳр оркестр маршынын коштосуунда сапка тизилип келишип, аскердик билим алуу учурунда жагымдуу «алтын уяга» айланып калган окуу жайдын Күжүрмѳн Туусунун чыгарылышын салтанаттуу тосуп алышты. 73-бүтүрүүчүлѳрдүн курсанттык погондору жаркыраган  лейтананттын жылдыздары менен алмаштырылды, алгачкы аскердик жылдыздар менен жогорку аскердик билими тууралуу диплом аскер жетекчилери тарабынан тапшырылды.

 

 

Жогорку аскердик окуу жайдын бүтүрүүчүлѳрүнѳ салтанаттуу маанайда тѳш белгилер жана жогорку билими тууралуу дипломдор берилди, ал эми окууда ѳзгѳчѳлүгүн кѳрсѳтүп, институту кызыл диплом менен аяктаган курсанттарга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн Генералдык штабынын башчысынын колунан дипломдор жана кол сааты  тапшырылды. Алар Уран Орозобеков, Бактияр Нурланбеков, Сергей Косачев, Тимур Атабеков болду.

 

 

Генералдык штабдын башчысы генерал-майор Раимберди Дуйшенбиев ѳзүнүн куттуктоо сѳзүндѳ жаш лейтенанттардын аскер окуу жайын ийгиликтүү бүтүрүп жатышкандыктары менен куттуктады, офицердик корпустун мамлекеттин кѳз карандыгын коргоодо маанилүүлүгүн баса белгиледи жана мындан ары Кыргызстандын тынчтыгы, гүлдѳп ѳнүгүүсү үчүн сыймык менен, чынчылдык менен, чын дилден кызмат кылгыла деп насаат калтырды.

 

 

 

 

 

Иш-чаранын адаттагы салтанттуу бѳлүгү аяктагандан кийин жаш офицерлер баш кийимдерин чечишип, тизе бүгүү менен Аскер институтунун Күжүрмѳн Туусу менен коштошушту. Бул аскердик ритуал менен алардын дарегине карата айтылган каалоо-тилектерден кийин, жаш лейтенанттар аскердик марштын коштоосунда аянттан салтанаттуу түрдѳ басып ѳтүштү. Салтанттуу иш-чаранын жыйынтыгында Жеңиш аянттын офицердик вальс  шаңга бѳлѳп турду.

Назик Сооронбаева

Добавить комментарий