Аскер институтунун курсанттары интеллектуалдык таймашта

Аскер институтунун курсанттары интеллектуалдык таймашта

 

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Усенбеков атындагы Аскер институту менен Ички иштер министрилигинин Академиясынын (ИИМ) менен түзүлгѳн келишиминин алкагында 2018-жылдын май айынын соңунда Ички иштер министрилигинин Академиясынын (ИИМ)  базасында Жогорку окуу жай кызматташытыгын чыңдоо максатында Ч.Айтматовдун 90-жылдыгына карата брейн-ринг таймашы ѳткѳрүлдү. Брейн-рингди курсанттар «Саламдашуу» менен ачып, андан соң Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан кѳркѳм окушту,  жазуучунун ѳмүр баяны, эмблеманы (баяндоо) боюнча  номинацияларында  ат салышты.

Ч.Айтматовдун  чыгармалары кыргыз адабиятында гана белгилүү болбостон, эл аралык деңгээлде да таанымал  экенин, жазуучунун дээрлик бардык чыгармалары КМШ өлкөлөрүнүн драма жана опера театрларынын сахналарында коюлганын жана чыгармалары боюнча тартылган кинофильмдер Эл аралык кинофестивалдардын сыйлыктарына жана байгелерине татыктуу болгону  баяндалды.

Ошентип, калыстар тобунун чечими менен 1 орунга Аскер институту татыктуу деп табылды. Белгилей кетсек 1-2 курсттун курсанттары катышып, жалаң 5 деген упайларды топтоо менен алдынкы орунга жетишкени жана аларды жогорку деңгээлде даярдаган Аскер институтунун окутуучусу доцент Айнагүл Күмүшбекова,  ефрейтор Жумагүл Жолматова өздөрүнүн чоң салымын кошуп келишти. Ж.Жолматованын айтуусунда : — биз үчүн бул биринчи сынак эмес. Былтыркы жылы Аскер институту 24 жогорку окуу жайдын арасынан суурулуп чыгып 1-орунду камсыз кылган. Аскер институтунда эң мыкты, патенциалы күчтүү курсанттар бар экени жылдан жылга байкалууда жана булл динамика ѳсүп келет. Ошондой эле биздин курсанттар мындай интеллектуалдык сынакта зор тайжырба топтой алышты,- деди .

Назик Сооронбаева

 

 

 

Добавить комментарий