Аскер окуу жайында

Аскер окуу жайында

2018-жылдын 7-майында Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча Мамлекеттик комитеттинин тѳрагасы полковник Эрлис Тердикбаев Аскер институтунуна иш-сапар менен келип, Аскер институтунун ѳздүк курамынын жашоо шарты, окуу процессинин жүрүү деңгээли, мугалимдер жааматы менен жакындан таанышты.  Жолугушуунун жүрүшүндѳ аскердик  билим берүүнүн багыттары боюнча кызматашуунун келечеги жана учурдагы абалдары жѳнүндѳ сѳз болду. Аскер институтунун башчысы полковник Артур Темиров ѳз кезегинде окуу процессинин жүрүшү, ѳз ара кызматташтыктар, ѳнүгүүнүн  багыттары боюнча маалымат берди. Тѳрага Аскер институтунун ишмердүүлүгү менен таанышып, заманбап мультимедия окуу каражаттары менен жабдылган окуу бѳлмѳлѳрүн кѳрүп чыкты. Мындан сырткары бүтүрүүчү 4-курсунун курсанттарынын семестрдик сынак берүү учуруна күбѳ болду.

 

Ал эми 9-май  Жеңиш күнүнѳ карата Аскер институтунда  бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү. Иш-чарага SOS Герман Гмайнер атындагы окуу тарбия комплексинин алтымыштан ашуун окуучулары жана жетекчи мугалими  Клара Джунушова  конокто болушту. Бул иш-чара Аскер институтунун  жетекчилиги тарабынан уюштурулуп, негизги максаты окуучулардын  патриоттук сезимин ойготуу жана ата-мекенге болгон сүйүүсүн күчѳтүү болуп эсептелет. Окуучулар курсанттардын жашоо-шарттары, күжүрмѳн техникалар менен курал-жарактар, аларды колдонуу эрежелери, ошондой эле билим алып жаткан кафедралар менен  жакындан таанышып кѳрѳ алышты.

Ал эми чек ара аскерлеринин Кыргызстандагы ыкчам  тобунун офицери полковник Константин Колимиец окуучуларга чек ара кызматынын коопсуздук чыңдоо жана кайтаруу шарттары тууралуу толук маалыматтарды кызыктуу түрдѳ баяндап берди. Баяндын жүрүшүн коноктор кызыгуу менен угушуп ѳздѳрүнѳ керектүү суроолорго жооп ала алышты. Мындан сырткары Аскер институтунун клубунда 4-курсттун  курсанттары тарабынан Аскер институнун тарыхы тууралуу толук маалымат берүүсү видео тасма менен коштолуп ѳттү. Иш-чаранын жыйынтыгында коноктор ѳздѳрүнүн ыраазычылыктарын билдирип, курсанттардын окуусуна ийгилик каалашты.

 

Назик Сооронбаева

 

Добавить комментарий