АСКЕРДИК АНТ – МЕКЕНГЕ КЫЗМАТ!

Полковник Н.Кедеев курсанттардын алгачкы ант берген күнү менен куттуктап, аларды Мекенди сүйүүгө жана өзүлөрү окуган чет мамлекеттерде өлкөбүздүн намысын бекем сактап, туубузду бийик көтөрүп, кыраакылык менен билим алууга чакырды. Ал эми курсанттардын ата-энелеринин атынан Жумаева Кундуз сөз сүйлөп:

— Урматтуу балдарым, жаш курсанттар силер турмуштун жаңы жолун, кесип тандоо менен баштадынар. Ошондой эле, эң жоопкерчиликтүү, татаал жана сыймыктуу кесипти тандап, бүгүн кыргыз элинин алдында салтанаттуу ант берип жатасынар. Берген антынарга бекем болгула жана биздин үмүтүбүздү актаган улан-кыздардан болгула.

Курсанттардын атынан сүйлөгөн Өмүрбеков Адилнур Азизович аларды

патриот кылып тарбиялап-өстүргөн ата-энелерине жана аз күндүн ичинде аскер Уставына, тартибине жана ыкмаларына үйрөткөн Аскер институтунун өздүк курамына жаш курсанттардын атынан ыраазычылык билдирип, салтанттын катышуучуларын бүгүнкү берген анттарын жана кыргыз элинин намысын бек сактоого ишендирип өттү.

Жүздөгөн жигиттердин арасында Даниярова Рината жана Мамытова Бактыгүл Мекенин коргоо үчүн аскердик ант беришти. Назик бирок күжүрмөн максаттуу кыздар жаш курсанттар курсун ийгиликтүү аяктап, Кытай өлкөсүнө аскердик медициналык билим алууга аттанышты.

Ант берүү аземи белгилүү эстрада жылдыздары, Аскер институтунун чыгармачылык жамааты тарабынан уюштурулган чакан концерт менен коштолду. Ал эми Аскер институтуна тандалган кусанттардын ант берүү аземи ушул жылдын 25-августунда белгиленет.

Добавить комментарий