Аскердик антка келтирүү аземи

Аскердик антка келтирүү аземи

«Милдет, намыс, Ата Мекен» деген ураанда айтылгандай, аскер окуу жайына, дегеле аскерге кызмат ѳтѳѳгѳ келген жоокерлер, курсанттар Ата Мекенге, кыргыз элине ант беришери баарызга маалым.

2019-жылдын 29-августунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Аскер институтунда 2019-жылы окууга өткөн жаш курсанттарды “Аскердик антка” келтирүү иш-чарасы болуп өттү.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана Аскер институтунун жетекчилиги, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери, Аскер институтунун өздүк курамы, жаш курсанттардын ата-энелери, бир туугандары жана жакындары катышышты.

 

Иш-чаранын ачылышы саптык аянтка Аскер институтунун Күжүрмөн байрагын алып киргизүү менен башталды.

Аскер институтунда билим алууга 90дон ашуун курсанттар аскердик антка келтирилип, жетекчилер тарабынан куттуктоо сөздөрү айтылды.

Ант берүүчүлөрдүн арасында жаш курсант Адилет Бакытбековдун атасы Бакытбек Качкынов жалпы ата-энелердин атынан жана ѳзүнүн үй-бүлѳсүнүн атынан каалоосун айтып, мамлекеттин жерин, элин коргогон баатыр, билеги күчтүү азаматтардан болуп чыккыла деди. Андан тышкары Аскер институтунун жетекчилигине ыраазычылыгын билдирүү менен жаш мекен коргоочулар 4 жыл ичинде аскер билимине сугарылып, чыдамкай жана күчтүү инсан катары тарбияланышарына ишенээрин билдирди.

Аскер институтунун жаш толуктоодогуларынын башчысы подполковник Ринат Мурзаканов: -Аскер окуу жайына ийгиликтүү ѳткѳн курсанттар бир ай бою жалпы аскердик даярдыктан өтүштү жана алар уставдык талап кылуу боюнча кеңири сабактарды алышып, талаа машыгууларында болушту, ошондой эле ок атуу боюнча да сабактардан өтүштү. Мындан сырткары эртең мененки көнүгүүлөр да сапаттуу түрдө бийик деңгээлде өткөрүлүп жатты. Мыкты деген болочоктогу офицердик кадрларды тандап алдык деп ойлойм. Жаш курсанттарыбызга чы ден соолук, окууларына ийгилик каалайм, — деди.

 

Иш-чаранын адаттагы салтанаттуу бөлүгү аяктагандан кийин Аскер институтунун жаш курсанттарынын салтанаттуу аскердик ант берүү аземине арналган “Аскердик ант – жоокердин Мекен алдындагы ыйык анты” аттуу концерттик программа тартууланып, ага кыргыз эстрада жылдыздары катышты.

Назик Сооронбаева

 

 

 

 

Добавить комментарий