АЙЫМДАРДЫ 8-МАРТ МАЙРАМЫНЫЗДАР МЕНЕН КУТТУКТАЙБЫЗ!

АЙЫМДАРДЫ 8-МАРТ МАЙРАМЫНЫЗДАР МЕНЕН КУТТУКТАЙБЫЗ!

8март аялдардын Эл аралык майрамын ар бир аялзат 

чыдамсыздык менен күтөт эмеспи. «Жаздын көркү сени менен башталат,
Дүйнө жарык сен бар үчүн аялзат!»
деген сөздөр бир гана сиздерге татыктуу урматтуу аялзаты!

Бүгүнкү күндѳ да Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн катарында жүздѳгѳн аял-аскер кызматчылары ар тараптуу профессиялар менен аскер кызматтын ѳтѳп келишет.

Андыктан 2019-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Аскер институтунунда 8-март аялдардын Эл аралык майрамына карата арналган салтанаттуу азем белгиленип ѳттү.  Аталган аземге Аскер институтунун жетекчилиги жана мугалимдер жааматы, өздүк курамы катышышты.

Аскер институтунун жетекчилиги айымдарды

8-март аялдардын Эл аралык майрамы менен куттуктады. Ошону менен бирге эле,  Аскер кызматын ак ниетүүлүк менен аткаргандыгы, аскер тартибинде ѳзүн үлгүлүү кѳрсѳткѳндүгү үчүн аскер айымдары, кызматчылары грамота, жана баалуу белектер менен сыйланышты. Салтанаттуу азем Аскер институтунун клубу тарабынан даярдалган концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Назик Сооронбаева

 

 

 

 

Добавить комментарий