Билим ырыстын тизгини

 

Билим ырыстын тизгини

Аскер институтунун курсанттарды 4 жыл ичинде (ок атуу даярдыгы, дене-тарбия даярдыгы, тактикалык даярдык, техникалык даярдык, чек-ара даярдыгы, табигый илимдер дисциплинасы, мамлекеттик жана чет-тилдер, гумманитардык тартиптер) боюнча билим алып келишти. Чыныгы аскер адамы болушу үчүн аскер чеберчилигине үйрѳнүү үчүн убакытты туура пайдалууну ар бир даярдыкты тереңдетип карап изилдѳѳ.  Белгилей кетсек 2018-жылдын жаз мезгилинде Аскер институтунун 4-курсунун курсанттары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бардык аймактардагы аскердик бөлүктөрүндө жана кошуундарында 4 жыл бою алган теориялык билимдерин,  практика жүзүндѳ чындап, болочок офицер катары кесиптик стажировкадан өтүп, тажрыйбаларын такшалты.

Курсанттардын практикалык иш-аракети, взвод башчы катары өздүк курамды жетекчилике алып, иш кагаздарын өз тартибинде уюштуруу, жүрүм-турумдары алар стажировка өтүп жаткан аскер бөлүктөрдүн жетекчиликтери тарабынан жогору бааланды.

-Жыл сайын талаа чыгууларында курсанттарга практикалык машыгуу сабактары ѳткөрүлүп, күжүрмѳн даярдыктары дыкат текшерилип турду. Андыктан, курсанттар практика учурунда да өз милдеттерин так аткарып жатышты. Мындан сырткары Аскер институтунда акыркы бир жылдан ичинде эле окуу жана илимий иштер багытында, коомдук-маданий иштер алкагында ийгиликтүү жетишкендиктер арбын болду. Аскер институтунун курсанттары менен Ички иштер министрлигинин Академиясы (ИИМ) менен Жогорку окуу жайлар ортосундагы кызматташтыгын чыңдоо максатында «Интелектуалдык таймаштар» ѳттү. Аталган таймаштарда Аскер институтунун курсанттары алдыңкы орунга ээ болуп, Аскер институтунун абройун бийик кѳтѳрүп келишти. Ошондой эле спорттук жетишкендиктер да четте калган жок. Аскер кызматчылары үчүн спорт — бул күжүрмѳн даярдыктын эң негизги фактору болуп эсептелет. Аскер институтунун курсанттары ар дайым спорт менен тыгыз байланышта. Тагыраак айтканда Урушуу Федерациясы тарабынан эл аралык спорттук мелдештерден Аскер институтуунун курсанттары биринчиликти багындырып келишти. Таймаштагы мушкерлер, курсанттар ѳздѳрүнүн жогорку деңгээлдеги даярдыгын кѳрсѳтүшкѳн. Белгилей кетсек, 4-курсттун курсанты Бекназар Азаматов. Ал эми жеңил атлетика боюнча  Атай Азатов, Марсбек Суранов, Турарбек уулу Адилет болду.

Жердин кѳркү эгин, эрдин кѳркү – билим дегендей,  артыкчылык диплому менен аяктаган курсанттын бири Уран Орозбеков  ѳз сүйүнүчү менен бѳлүштү. 2013-жылы Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейди окуп ийгиликтүү аяктадым. Андан соң Аскер окуу жайына тапшырып, эми бүтүрүүчү курсанттардын катарын толуктап, эртенки күнү Ата-мекенге кызмат өтөөгө даяр турабыз. Учурдан пайдаланып Аскер окуу жайдын бүтүрүүчү курсанты катары аталган окуу жайдын жетекчилигине жалпы мугалимдер жааматына терең ыраазчылыгымды билдирип кетким келет. Ал  эми мен  сыймыктанган мугалим Эркинбек Токтоналиев агай болду. Ал киши ѳзүнүн айкѳлдүгү менен таалим тарбия бергендиги, курсанттардын арасында басымдуу кадыр-баркка ээ болду десем болот. Анткени Аскер институтта билим алып жана жашап жаттык. Башкача айтканда бул биздин 2-чи үйүбүз болду. Ушул убакыт мен үчүн кыска мѳѳнѳттѳ ѳткѳндѳй сезилди. Аскер институтундагы күндѳрүмдү ѳзүмдүн жашоомдун эң жакшы убакыттары деп эсептейм жана офицер болом деп койгон максатыма жеттим, -деди.

Болочокто курсанттар төрт жыл бою алган билимдерин, тажрыйбаларын кызмат үстүндѳ так колдонуп, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн мыкты аскер кызматкерлеринин катарын толуктайт деп  ишенебиз.

 

Назик Сооронбаева

 

 

Добавить комментарий