Билим жемишин сынга салган Олимпиада

Билим жемишин сынга салган Олимпиада

Кыргыз  Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал — лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Аскер институту менен Жогорку окуу жайлар ортосунда түзүлгѳн келишимдин алкагында  2019-жылдын 21-февралында 23-февраль «Мекен коргоочунун күнүнѳ» карата Аскер институтунун базасында Олимпиадалык таймаш болуп ѳттү. Олимпиадага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын,  Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын, Аскер институтунун, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек-ара кызматынын кызматкерлери, курсанттары билим тармагынан күч сынашты. Аталган иш-чарада математика, информатика, англис тили жана ошондой эле мамлекеттик чек-ара темасында (ѳтүп бара жаткан жарандын ѳздүгүн аныктоо (идентификация) боюнча  ѳз ара таймашуу жүрдү.

Олимпиадалык таймашты Аскер институтунун  башчысы полковник Руслан Шаршембиев ачып, курсанттарга, студенттерге жана кызматкерлерге ийгилик каалап, калыстар тобуна тактыкты жана калыстыкты  каалады. Ошентип ачылыш аземи аяктаган соң, Олимпиаданын катышуучулары тапшырмаларды аткаруу үчүн дарсканаларга тарашты. Берилген убакыт ичинде күйѳрмандар менен Олимпиаданын жүрүшүнѳ кызыгып келгендер чыдамсыздык менен саат жебесин улам-улам карап, олуттуу Олимпиадалык таймашка күбѳ болуп отурушту. Акыры таймаштын жыйынтыгы чыгып, калыстар тобунун чечими менен 13 упай менен I орунга Аскер институту, 10 упай менен II орунга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсанттары  чыгышты.

Олимпиаданын соңунда катышуучулар жана мугалимдер грамота жана сыйлуу белектер менен сыйланышты. Бул олимпиадалык таймаш — чынында билим жемишин сынга  салган чоң майрам десек болот.

Мындан ары  дагы Аскер институтунун курсанттары ар дайым окуу жайыбыздын намысын коргоп, ушундай билимдүү, патриот Мекен коргоочулар болушуна тилектештик билдиребиз.

 

Назик  Сооронбаева

 

 

 

 

Добавить комментарий