Идентификациялоо сабактары

Идентификациялоо сабактары

2019-жылдын 23-апрелинде Аскер институтунун чек ара ишмердүүлүк кафедрасында КР Мамлекттик чек ара кызматынын (МЧК) көзөмөл өткөрүү жайларынын улук офицерлеринин жыйыны (сбор) өткөрүлдү. Тактап айтканда, КР Мамлекттик чек ара кызматынын квалификацияны жогорулатуу борборунун окутуу иш-чараларынын алкагында өздүктү тактоо (идентификация) боюнча практикалык сабак болду.

Бул сабактын негизги максаты жогоруда белгиленген жыйындын катышуучуларынын өздүктү тактоо боюнча билим деңгээлин жакшыртууну көздөйт десек болот. Жыйынга МЧКнын улук офицерлери катышып, Аскер институтунун чек ара ишмердүүлүк кафедрасынын башчысы полковник Шумкар Сапиев, МЧКнын квалификацияны жогорулатуу борборунун курсанттарды даярдоо курсунун башчысы полковник Кадырбек Сопуев, Мамлекеттик чек ара кызматынын квалификацияны жогорулатуу борборунун башчысынын кеңешчиси полковник Константин Коломиец, МЧКнын квалификацияны жогорулатуу борборунун чек ара көзөмөлүн уюштуруу улук окутуучусу подполковник Сүйүнтай Жаймаганбетов болуп  офицерлерге жеткиликтүү түрдө сабак өтүштү. Иш-чаранын жүрүшү офицерлерде абдан кызыгууну жаратып, окутуучулардан татыктуу жоопторун алышты. Белгилей кетсек өздүктү тактоо – КР МЧКнын көзөмөл өткөрүү жайларынын мыйзамсыз башка бирөөнүн жана жасалма документтерди колдонуп өтүүгө аракет кылган кылмышкерлерди аныктоодо эң зор роль ойнойт. Андыктан улук офицерлерге күнүмдүк ишмердүүлүк кызматты уюштурууда чоң жардам болоору шексиз. Ошондой эле жакын арада  Аскер институтунда   өздүктү аныктоо сабагы боюнча Жогорку окуу жайлар арасында мелдеш уюштурулуп, Аскер институтунун курсанттары алдыңкы орунга татыктуу болушкан.  Ошону менен бирге КР Мамлекеттик чек ара кызматы менен Аскер институтунунун ортосунда мындай иш-чаралар дагы да улана берет деп ишенебиз.

Назик Сооронбаева

Добавить комментарий