Илимий — практикалык конференция

2018-жылдын 23-майында Аскер институтунда  КРдин Мамлекеттик Чек ара кызматынын 100-жылдыгына арналган  илимий-практикалык конференция ѳттү. Конференция Аскер институтутунун Аскер институтутунун чек-ара ишмердүүлүк кафедрасы жана чек-ара аскерлеринин Кыргызстандагы ыкчам тобунун офицерилери тарабынын уюштурулуп, чек-ара кызматынын 100-жылдыгынын урматына даярдалган видеоролик тартууланды. Белгилүү публицист Леонид Сумароков «Чек ара кызматынын пайда болушу жана өнүгүү тарыхы” боюнча кеңири доклад окуду. Ал эми “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоону уюштуруу” темасында Мамлекеттик чек ара кызматынын улук окутуучусу подполковник Бислам Элебесов толук маалымат берди.

Конференциядан соң  КР чек-ара ишмердүүлүк кафедрасы тарабынан

 

2-3 курсунун курсанттарынын арасында мыкты чек-арачы наамына мелдеш уюштурулуп ѳткѳрүлүп, 1-2-3 орундарды ээлегендери үчүн Аскер институтунун жетекчилиги тарабынан үч даражадагы дипломдор ыйгарылды. Ал эми чек-ара органдарынын тарыхы боюнча жүргүзүлгѳн мелдештин жыйынтыгы боюнча РФ чек-ара аскерлеринин Кыргыз Республикасындагы ыкчам тобунун офицерилери тарабынын дагы сыйлыктарга ээ болушту. Ошону менен бирге Аскер институтунун аскер кызматкерлери да мааркеге карата юбилейлик медалдар менен сыйланды. Ал эми КР МЧКнын Тѳрагасынын ардак грамоталарына жана алкыш барактарына ээ болушту.

 

Назик Сооронбаева

 

Добавить комментарий