Кѳңүл борборунда – аскерге чейинки даярдык

Кѳңүл борборунда – аскерге чейинки даярдык       

 

Жакында 2018-жылдын 24-августунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Аскер институтунун базасында окуу жай менен Бишкек шаарынын Мэриясынын ортосундагы кызматаштыктын үзгүлтүксүз жүрүшүнүн алкагында,  «Ѳсүп келе жаткан жаш муундарга аскердик-патриоттук тарбия беруунун проблемалары» аталышындагысеминар ѳткѳрүлдү.             Семинарга Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Арстанбек Осмонов, Аскер институтунун жетекчилиги жана мугалимдер жааматы, Бишкек шаарынын 80ден ашуун орто мектептеринин аскерге чейинки даярдык сабагынын  мугалимидери (улук офицерлер) катышты.             Иш-чаранын негизги максаты  орто мектептердеги аскерге чейинки даярдыкты жана аскердик – патриоттук тарбиялоону жакшыртуу, анын   кѳйгѳйлѳрү тууралуу ийри отуруп түз кеңешүү, ѳз ара пикир алмашып бир пикирге келишүү болду. Орто мектептердеги Аскерге чейинки даярдык сабагынын  кабинеттеринин жасалгаланышы  материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу боюнча суроолор кѳтѳрүлдү.             Аскер институтунун башчысы келген катышуучуларды жана семинардын уюштуруучуларына терең ыраазчылык билдирип, ѳз каалоосун айттып кетти. Бүгүнкү күндѳ жашоодо, коомдо ѳтѳ маанилүү маселе бул — жаш муундарга билим берүү, окутуу, тарбиялоо. Аскер институтунун негизги максаты жаш аскер  кызматкерлерине бийик деңгээлде билим берүү жана  аларды мекенчилдикке тарбиялоо. Анткени билим берүү процессиндеги маанилүү компонент — патриоттук сезимдерди калыптандыруу жана өнүктүрүү эмеспи, —  деп семинардын катышуучарын,  жаш муундарды аскердик патриоттуулукту   ѳстүрүүгѳ  карай максатуу алга жылууга чакырды. Ал эми Арстанбек Осмонов: — Биз Аскер институтунунда орто мектептин окуучулары үчүн  “Ачык эшик” иш-чарасын уюштуруп келебиз. Эми биз методикалык жана тактикалык окутууларды ишке ашырууну пландап жатабыз. Анткени мектеп базасында методикалык окутуу болгону менен практикалык кѳрсѳтүүлѳр жок болууда, ошондуктан мындан ары  аскер бѳлүктѳрүнѳ кѳп кайрылабыз. Аскер институту менен мындан ары дагы тыгыз байланышта иштейбиз деди.             Семинардын соңунда келген коноктор Аскер институтунун, курсанттарынын жашоо — шарттары, күжүрмөн техникалар, курсанттар сабак өтүүчү кафедралар менен жакындан таанышып чыгышты. Семинар ѳзүнүн  максатына жетти десек жаңылышпайбыз.

Назик Сооронбаева

Добавить комментарий