Адистиктер

Адистиктердин тизмеси:

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Усенбеков атындагы Аскер Институту, Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик аскер билимин берүүчү мамлекеттик окутуу мекемеси болуп саналат.

Аскер институту, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жана башка аскер тармактарына офицер-адистерди даярдап чыгарууда мамлекеттин буйрутмасын аткарат.

Аскердик кадрларды даярдоо төмөнкү адистиктер боюнча жүргүзүлөт:

  • командно-тактикалык мотоаткычтар аскерлер;
  • чек ара ишмердиги.

Аскер институтун аяктаган бүтүрүүчүлөргө «лейтенант» аскер наамы жана «Бакалавр» академиялык даражасы ыйгарылат.

 

КР КК Аскер институту төмөнкү күч түзүмдөр үчүн адистерди даярдайт:

– КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык Штабына;

– Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине;

– Мамлекеттик чек-ара кызматына:

– Өзгөчө кырдаалдар министрлигине;

– КР Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына.

Окуу мөөнөтү 4 жыл.

Comments are closed