Курман айт – кайрымдуулука тарбиялайтю

Мусулмандардын саналуу гана майрамы бар. Алардын катары Орозо айт жана Курман айт менен толукталат. “Айт” деген араб сөзү. Аны кыргызчага которгондо “майрам” дегенди билдирет. 

Курман айт майрамы тарыхта 7-пайгамбар Ибрагимдин доорунан бери майрамдалып  келе жатканы белгилүү. Ибрагим пайгамбар уктап жатып, түш көрөт. Бул түш бир эмес, үч жолу кайталанат. Түшүндө “мени сүйсөң, уулуңду курмандыкка чал” деп айтылат. Аян Алла Таала тарабынан берилип жатканын түшүнгөн пайгамбар жакшы көргөн уулу Исмайылды курмандыкка чалуу үчүн алып жөнөйт. Ибрагим пайгамбар жетчү жерине жетип, баласына бычак тартса, эмнегедир бычак өтпөйт. Анткени бул убакта Алла Таала Ибрагим пайгамбардын чын ниеттен жасап жатканына ишенип, курмандыкка чалуу үчүн ак кочкор жөнөткөн экен. Маарап түшкөн кочкорду пайгамбар баласынын ордуна мууздайт. Мусулмандардын курмандыкка кой союу салты мына ошондон калган.

Курман айт Орозо айттын өткөнүнө 70 күн болгондон кийин майрамдалат. Мусулмандар бул күнү жуунуп-тазаланып, эртең менен эрте мечитке барып, намаз окуусу шарт. Андан кийин колунда барлар мал союшса болот. Ал эми “бул мусулмандын милдети” деп, колунда жоктордун жөн жерден малга чыгым болуусуна жол берилбейт. Малды курмандыкка чалганда атайын дуба окулат. Анан ал малдын этинин үчтөн бир бөлүгү өзүнө, экинчи бөлүгү жакындарына, үчүнчү бөлүгү кедей-кембагалдарга таратылышы кажет.

21-август курман айт майрамы Аскер институтунун курсанттарынын жана жоокерлеринин арасында да жогорку деңгээлде уюштурулду. Окуу жайдын өздүк курамы – Мекенибиздин тынчтыгы жана бүтүндүгү, элибиздин сактыгы, бейпил турмушу, келечек муундарыбыздын амандыгы үчүн курмандык союшуп, тилек айтышты. Курман айт майрамында Аскер институтунун башчысы полковник Темиров Артур Маратович жаш Мекен коргоочуларды куттуктап, аларды эр жүрөктүүлүк менен бирге кичипейилдике, кайраттуулук менен бирге кайрымдуулука чакырды.

Аскер институтунун өздүк курамынын мындай иш аркеттерди уюштурууда бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, бир тилекте жакшы жышаандарды иш жүзөгө ашыруу аракеттери жогорку деңгээлде деп айтсак ашыкча болбос. Эскере кетсек, орозо айт майрамында да Аскер институтунун өздүк курамы майып балдары бар жалгыз бой энелерге жана онкологиялык оорулуу жаш жеткинчектерге 34500 сомдук акчалай жардам көрсөтүшкөн.

Назик Сооронбаева

Добавить комментарий