Курсанттардын интеллектуалдык таймашы

Курсанттардын интеллектуалдык таймашы

 

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Усенбеков атындагы Аскер институтунда акыркы бир жылдан ичинде эле окуу жана илимий иштер багытында, коомдук-маданий иштер алкагында ийгиликтүү жетишкендиктер арбын десек жанылышпайбыз. Үстүбүздѳгү жылдын 12-майында Аскер институтунун түзүлгѳн планынын негизинде, окуу жайдын  жана Ички иштер министрлигинин Академиясынын (ИИМ) курсанттарынын ортосунда  «Кырк чоро» аттуу интеллектуалдык таанып билүү жана дене тарбиялык  таймашы болуп ѳттү. Бул иш-чаранын негизги максаты Жогорку окуу жайлар ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо болду. Аталган таймашта курсанттар тарых сабагы багытында, аркан тартыш оюну, согуш жылындагы ырды мыкты аткаргандыгы боюнча, биатлон, номинациялары боюнча, түрдүү  тармактарда   күчтѳрүн сынашты.

Курсанттарды жетектеп ок атуу кафедрасынын башчысы полковник Максат Асанбаев, дене-тарбия кафедрасынын башчысы полковник Алимжан Мусаев барышты. Аталган азем күнүнѳ карата согуш жылындагы ырлары номинациясында 1- орунду ээлегендиги үчүн 1-даражадагы диплом менен 2-курсттун курсанттары Санжар Эмилбеков жана курсант Бекзат Шералиев  сыйланды.  Ал эми аркан тартыш оюну боюнча 3- 4 курсттун курсанттары 1-орунга ээ болушту. Алар курсант Дархан Эргешов, Айтибай уулу Абдыжапар, Мадаминбек Эрматов, Али Божоев болду.  Эске салсак мындай таймаш Ички иштер министрлигнин Академиясы (ИИМ) менен 2-ирет ѳткѳрүлдү. Курсанттар аскер институтутунун намысын коргоп алдыңкы орунга ээ болушту. Мындай жетишкендиктерге Аскер институтунун жетекчилигине, мугалимдер жааматына чоң-чоң ийгиликтерди каалайбыз.

 

Назик Сооронбаева

Добавить комментарий