Курсанттардын жаңы — жылдык кечелери 

Курсанттардын жаңы — жылдык 

кечелери

Дүйнөдө канчалаган улут, мамлекет бар. Алардын ар биринин салты, жашоо принциптери ар башкача. Бири- бирине окшобогон адамзатын бириктирүүчү нерсе —  Жаӊы жыл.

Андыктан  2018-жылдын 24үнөн  26-декабрына чейин Кыргыз  Республикасынын  Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Аскер институтунун курсанттык бѳлүмчѳлѳрүнүн (1,2,3-курсттун) жаңы жылдык кечелери Аскер институтунун базасында белгиленип ѳттү.

Белгилей кетсек, былтыркы жылдан бери  И.Ахунбаева  атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясы, КР Бишкек медициналык колледжи жана башка окуу жайлар менен кызматташттык мамиле түзүлгѳндүктѳн артүрдүү иш- чаралар биргеликте үзгүлтүксүз  ѳтүп келе жатат.  Иш-чараларга  Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилиги жана Аскер институтунун жекчилиги,  курсанттык ѳздүк курам жана КР Бишкек медициналык колледжинин жетекчилиги жана  И.Ахунбаева атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын жетекчиликтери, мугалимдер жамааты, студенттери күбѳ болушту. Жаны жылдык маанай тартуулаган ар бир кечеге коноктор тарабынан  жүзгѳ чукул студенттер активдүү катышып, аскердик катаал турмуштун көркүнө көрк, өзгөчө шаң кошкону баарынын купулуна толду .

Жаңы-жылдык кечеде Аскер институтунун башчысы полковник Руслан Шаршембиев курсанттарды жана келген конокторду келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, жаңы жылдык кеченин конокторуна, катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

“Бүгүнкү сиздерди тосуп алган курсанттар болочоктогу — биздин Мекен коргоочуларыбыз жана КР Куралдуу Күчтөрүнүн командирлери. Мындан ары дагы жогорку окуу жайлар арасында  кызматташтык  мамилебиз бекемдей берсин”, — деп бекем ден-соолук, иштерине  ийгилик каалады. Ошентип жетекчилер тарабынан кирип келе жаткан 2019-Жаңы жылга каалоо-тилектер айтылып, жаңы жылдык кече катышуучуларга майрамдык жылуу маанай тартуулады.

Кайсы иште иштебейлик, кандай милдеттерди аркалабайлык дайыма жыл жаңыраарда артыбызга кылчайып, жасаган иштерибизди жыйынтыгын чыгарып, келечегибизге пландарды түзѳт эмеспизби. Ошондуктан 2019-Жаңы жыл Куралдуу Күчтѳрүбүз үчүн жемиштүү жылдардан болуп, алдыга койгон максаттар ишке ашып. Тилектердин орундалышын чын ыкластан каалайбыз.

2019- Жаңы жылыңыздар менен! 

Назик Сооронбаева

Добавить комментарий