Кыргыз армиясынын офицерлер катарын толуктаган жаш муун

 Кыргыз армиясынын офицерлер катарын толуктаган жаш муун

Өлкөбүздөгү жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү жаңы жашоого  кадам таштап жаткан учур.

2019-жылдын 28-июнь күнү Аскер институтунун жаш офицерлеринин бүтүрүү кечеси Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында болуп өттү.

Жаш офицерлерди салтанаттуу бүтүрүү аземи менен куттуктоо үчүн КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Райимберди Дуйшенбиев, Өкмөт өкүлдөрү, КРнын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы полковник Эрлис Тердикбаев, КРнын Мамалекттик чек ара кызматынын төрагасы полковник Уларбек Шаршеев, генерал-лейтанант Асанбек Алымкожоев, генерал-майор Алик Мамыркулов, генерал-майор Закир Тиленов, Аскер институтунун башчысы полковник Руслан Шаршембиев, чек ара аскерлеринин Кыргызстандагы ыкчам тобунун офицерлери жана бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери менен жакындары келишти.

Бүтүрүүчүлөр оркестр маршынын коштоосунда сапка тизилип келишип, аскердик билим алуу учурунда жагымдуу «алтын уяга» айланып калган окуу жайдын Күжүрмөн Туусунун чыгарылышын салтанаттуу тосуп алышты. Алтымыштан ашык бүтүрүүчүнүн курсанттык погондору жаркыраган лейтананттын жылдыздары менен алмаштырылды, алгачкы аскердик жылдыздар менен жогорку аскердик билими тууралуу диплом аскер жетекчилери тарабынан тапшырылды.

Жогорку аскердик окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнө салтанаттуу маанайда төш белгилер жана жогорку билими тууралуу дипломдор берилди, ал эми алардын арасындагы 10 курсантка — окууда өзгөчөлүгүн көрсөтүп институтту кызыл диплом менен аяктагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын колунан дипломдор жана энчилүү кол сааттары тапшырылды. Белгилей кетсек быйылкы бүтүрүүчү курсанттардын окууда мыкты өзгөчөлүгүнүн саны арбын болду десек болот.

Генералдык штабдын башчысы генерал-майор Райимберди Дуйшенбиев өзүнүн куттуктоо сөзүндө жаш лейтенанттарды аскер окуу жайын ийгиликтүү бүтүрүп жатышкандыктары менен куттуктады, офицердик корпустун күчүнүн мамлекеттин көз карандысыздыгын коргоодо маанилүүлүгүн баса белгиледи жана мындан ары Кыргызстандын тынчтыгы, гүлдөп өнүгүүсү үчүн сыймык менен, чынчылдык менен, чын дилден кызмат кылгыла деп насаат калтырды.

Иш-чаранын адаттагы салтанттуу бөлүгү аяктагандан кийин жаш офицерлер баш кийимдерин чечишип, тизе бүгүү менен Аскер институтунун Күжүрмөн Туусу менен коштошушту. Бул аскердик ритуал менен алардын дарегине карата айтылган каалоо-тилектерден кийин, жаш лейтенанттар аскердик марштын коштоосунда аянттан салтанаттуу түрдө басып өтүштү. Салтанттуу иш-чаранын жыйынтыгында Жеңиш аянтын жаш офицерлердин салтка айланып келе жаткан вальс бийи шаңга бөлөп турду.

    Назик Сооронбаева

 

Канатын жайган жаш кадрлар

Жеңиш аянтындагы салтанаттан соң Аскер институтунун он мыкты бүтүрүүчүлөрүнөн тандап кыскача блиц-интервью уюштурдук.

— Аскер институтунун бүтүрүүчүсү  катары өзүңдү өзгөрдүм деп ойлойсуңбу?

Эламан Маканбаев 41-окуу взводунун бүтүрүүчү курсанты:

Аскердик окуу жана жашоо мени биринчи кезекте жоопкерчиликке, тактыкка, өзүмдүн жана башка бирөөлөрдүн жашоосун жакшыртууга болгон аракетке, мамлекетибизге берилүү менен кызмат кылууга, элимди-жеримди сүйүүгө, эң негизгиси патриоттуулук сезимимди бекемдеди десем болот.

-Диплом алгандан кийин аскер кызматын эмнеден баштайсың?

— Аскер кызматын төмөндөн тартып жогоруну көздөй багыт алуу менен баштайм. Мен аскер кызматында мамлекеттен берилген жеңилдиктер үчүн эмес, өз мекенимди сүйгөнүмдүгүм үчүн кызмат өтөөгө дайым даярмын.

— Окуп жүргөн учурда сага кайсы мугалим жакты?

— Мен жактырган мугалимдер тактикалык даярдоо кафедрасынын окутуучусу полковник Рыспек Солтоев жана техникалык даярдоо кафедрасынын окутуучусу полковник Эрнест Масырбеков болду. Полковник Рыспек Солтоев сабакты жан дүйнөсү менен берилип өтүп, өзүнүн адамкерчилиги менен бизди тартып, эч убакта жардам берүүдөн баш тартчу эмес. Ошондой эле биздин окутуучубуз чечкиндүү болууга, өзүмдүн оюмду так айтууга, туура чечим кабыл алууга үгүттөчү. Ал эми полковник Эрнест Масырбековдун адам катары жөнөкөйлүгүн жактырдым. Күжүрмөн-соот техникаларды түзүлүшүн жана колдонуунун эрежелерин жөн гана үйрөтпөстөн, башынан өткөн тажрыйбалары менен мисал келтирип абдан кызыктуу сабак өтөкөндүгү баарыбызга жакчу. Жалпы баардык окутуучуларга биринчи кезекте чың ден соолук каалайм жана жаңы өсүп келе жаткан муундарга мыкты тарбия берип, чыныгы өз ишин билген алдыңкы аскер офицерлерин бүтүрүп чыгууларына тилектешмин.

Темирлан Субанбеков  43-окуу взводунун бүтүрүүчүсү жана курстун старшинасы:

— Мен кичине кезимден эле аскер кызматчысы болом деп кыялданчумун. Буюрса кыялым орундалып аскер окуу жайын артыкчылык диплому менен аяктап жатам. Аскер окуусунда курстун старшинасы, же взвод командиринин орун басары болуп милдеттерди аткардым. Бул окуу процессинен тышкаркы коюлган тапшырмаларды аткаруу, өздүк курам менен иштешүү адамды толугу менен өзгөртөт экен. Ошону менен бирге мен Аскер институтунан билим алгандыгыма сыймыктанам деп айта алам. Артыкчылык диплому менен аяктаган бүтүрүүчү курсанттарга Бишкек гарнизонунда калып иштөөгө мүмкүнчүлүк (квота)  берилди.

Келечекте койгон максатым аскер кызматын улантып өзүмдү мыкты жагыман көргөзүп, алган билимимди туура колдонуу. Мындан сырткары чет тилин өздөштүрүп, башка өлкөлөр менен кызматташууга да өз салымымды кошсом деген үмүтүм зор.

Окуу жайда мен жактырган окутуучулардын бири өзүнүн жүрүш-турушу менен үлгү болгон полковник Улан Мурзакулов болду. Андан тышкары методикалык жактан күчтүү адамдык касиети менен Аскер институтунун башчысынын окуу жана илимий иштери боюнча орун басары полковник Урустам Чойбековду ар дайым өзүнө тартып турат деп айтат элем. Биз менен аз убакыт иштешсе дагы оюбузду, максатыбызды туура багыттоого чоң салымын кошту. Быйылкы бүтүрүүчүлөрдө 10 бала артыкчылык дипломун алганы турабыз. Бул болсо дагы бир жолу окутуучулардын күч алганын билдирүүдө. Кийинки курстарда мындан дагы көп курсанттар артыкчылык диплому менен аяктап  Ата Мекенибизге, эли-жерибизге мыкты  кызмат өтөгөн жигиттерден болушун каалайм.

Билим – ырыс тизгини

Жердин көркү — эгин, эрдин көркү — билим дегендей,  Аскер институтунун курсанттарды 4 жыл ичинде (ок атуу даярдыгы, дене-тарбия даярдыгы, тактикалык даярдык, техникалык даярдык, чек ара ишмердүүлүк даярдыгы, табигый илимдер дисциплинасы, мамлекеттик тил, чет тилдер, гумманитардык тартиптер) көп жактуу аскердик багытта билим алып келишти. Чыныгы аскер адамы болуп аскер чеберчилигине үйрөнүү үчүн убакытты туура пайдалануу жана ар бир даярдыкты тереңдете окуп изилдөө керек.

Мыкты бүтүрүүчүлөр. Быйыл, Куралдуу Күчтөрдүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун онунчу бүтүрүүчүлөрү чыгыралып жатат. Кызыгы, онунчу бүтүрүүчүлөрдүн ичинде он курсант артыкчылык дипломуна ээ болуп жатышат. Алар: Темирлан Субанбеков, Алишер Исраилов, Нурдин Иманбеков, Эламан Маканбаев,  Кудайберген Муканбетов,  Арнал Сыныбеков, Аман Эсенбаев, Чынгыз Капаров, Темирлан Бабаев, Дарханбек Эргешовдор.

Чындыгында жылдан жылга окууну кызыл диплом менен аяктап жаткан курсантттардын саны өсүүдө. Бул да болсо окуу процессинин, курсанттардын аң-сезиминин, билим деңгээлдеринин жогорулап бара жатканынан кабар берет.

Быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн арасында да сыймыктануу менен айта кетүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендианттары бар. Алар эл аралык олимпиадаларда да чоң ийгиликтерди жаратышкан курсант Кудайберген Муканбетов жана курсант Чынгыз Капаров.

Кароол кызматын өтөө бул күжүрмөн тапшырманы аткаруу. Курсанттар Эльдар Сейдалиев, Аман Эсенбаев, Чынгыз Капаров, Темирлан Касымбеков, Элдияр Нурбеков, Нурдин Иманбеков, Кудайберген Муканбетов, Мирлан  Куттубеков, Абдужапар Айтибай уулу, Жаныбек  Каныбеков, Омурбек Абдымусатов, Баястан Чыңгызов, Чынгыз Жусупов, Изат Малайкановдор күжүрмөн кароол кызматынын мыктылары атыгып, аскердик кызматтын устаттыгына жетишти.

Ар бир спорттук мелдештерде, олимпиадаларда, күжүрмөн даярдык жана кароол кызматында курсанттардын жараткан ийгиликтери жана көрсөткүчтөрү командирлердин таалим-тарбиясы, окутуучулардын усулдук деңгээлинин жогорку даражасы жана үзүрлүү эмгегинин жыйынтыгы. Ошондой эле Аскер институтунун 4-курсунун курсанттары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бардык аймактардагы аскердик бөлүктөрүндө жана кошуундарында 4 жыл бою алган теориялык билимдерин,  практика жүзүндө чыңдап, болочок офицер катары кесиптик стажировкадан өтүп, тажрыйбаларын такшалтышты.

Курсанттардын практикалык иш-аракети, взвод башчы катары өздүк курамды жетекчиликке алып, иш кагаздарын өз тартибинде уюштуруусу, жүрүм-турумдары алар стажировка өтүп жаткан аскер бөлүктөрдүн жетекчиликтери тарабынан жогору бааланды.

Жыл сайын талаа чыгууларында курсанттарга практикалык машыгуу сабактары өткөрүлүп, күжүрмөн даярдыктары дыкат текшерилип турду. Андыктан, курсанттар практика учурунда да өз милдеттерин так аткарып жатышты. Мындан сырткары Аскер институтунда эле окуу жана илимий иштер багытында, коомдук-маданий иштер алкагында ийгиликтүү жетишкендиктер арбын болду.

Болочокто алар төрт жыл бою алган билимдерин, тажрыйбаларын кызмат үстүндө так колдонуп, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн мыкты офицерлеринин катарын толукташат деп ишенебиз.

        Назик Сооронбаева

 

 

Комментарии закрыты