Лидерлике умтулуу

Лидерлике умтулуу

 

2019-жылдын 4-6 июнуна чейин Кыргыз  Республикасынын  Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал — лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Аскер институтунун базасында НАТО уюмунун өкүлдөрү келип,  Билим берүү программасынын алкагында «Аскердик билим берүүнү жана реформаны жакшыртуу» боюнча «Куралдуу Күчтөрүнүн катарындагы биринчилик» темасында конференция өткөрүлдү.

Аталган конференцияга Аскер институтунун башчысы полковник Руслан Шаршембиев, Аскер институтунун башчысынын окуу жана илимий — иштери боюнча орун басары полковник Урустам Чойбеков, Аскер институтунун өздүк курамы менен иштөө боюнча орун басары Нурбек Рыскулов,  КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин билим берүү башкармалыгынын башчысы полковник Талгат Саалаев, Эл аралык мамилелер жана  билим берүү коргонуу боюнча бөлүмүнун жетекчиси подполковник Клаус Л.Хетткер (Германия), Украина мамлекетинин Иван Черняховский атындагы улуттук коргонуу боюнча университетинин илимий коомдук кафедрасынын башчысы Хмиляр Олег Федерович (Украина), НАТОнун саясий коопсуздугу жана саясий масалелери бөлүмүнүн профессору Свен Берихард Гарейс (Германия) жана Аскер институтунун профессор жана мугалимдер жааматы катышты.

Эки тараптык келишүүлөрдүн негизинде Аскер институтунун курсанттарын биринчилике даярдаштын ыкмаларын, жолдорун белгилөө боюнча маек болду. Германия жана Украинанын өкүлдөрү өздөрүнүн мамлекетиндеги, Куралдуу Күчтөрүнүн аскер башчыларынын, командирлеринин биринчилик (лидерлик) сапаттарын, өзгөчүлүктүрүн жана талаптары тууралуу билдиришти.

Иш-чарага презентациялар коштолуп, конференция абдан кызыгууну жаратты.  Ал эми офицерлер арасында талкуулор болуп, суроолорго жооп алышты. Башкача айтканда конференцияда “биринчилик” темасында офицерлер арасында тайжырба алмашуу болду десек — болот.

Конференциянын жыйынтыгы чыгып, НАТО уюмунун өкүлдөрү ыраазычылык каттары менен сыйланды.

 

                                                                                   Даярдаган

Назик Сооронбаева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий