ӨЛКӨБҮЗДҮН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮГҮН БИЛИМДҮҮ, КҮЖҮРМӨН ЖАШТАР ГАНА КОРГОЙ АЛАТ!

ӨЛКӨБҮЗДҮН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮГҮН  БИЛИМДҮҮ, КҮЖҮРМӨН ЖАШТАР ГАНА КОРГОЙ АЛАТ!

Жолдош, офицерлер, прапорщиктер жана сержанттар.

Жолдош курсанттар жана жоокерлер!

Урматтуу, кесиптештер!

Сиздерди, алдыда келе жаткан 31-август  Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк майрамы жана 2018-2019-окуу жылынын башталышы, өздүк курамдын жаш курсанттар менен толукталышы менен куттуктаймын!

Бүгүн биз тынч жана бейпил заманда Мекен алдындагы ыйык милдетибизди өтөп жатабыз. Мындай эркин жана эгемен өлкөнү куруу, элибизди жана эне тилибизди, каада-салт, үрп-адатыбызды, маданиятыбызды кылым кыйрын карыткан узак тарыхыбыздын чен-өлчөмүндө жоготпой, бүлүнтпөй бизге жеткирүү ата-бабаларыбыз үчүн канчалаган кан төгүүлөрдү, курмандыктарды алып келгени баарыбызга белгилүү. Бул аралыкта элибиз Улуу Кыргыз Каганатын түзүүгө, көз талыткан мейкин талааларда жоокердик саясат жүргүзүүгө, көптөгөн каганаттар жана империялар менен саясий алакаларды, соода-сатык байланыштарды түзүүгө жетишип, кээде айыгышкан салгылашууларда кандары суудай агып күрөшсө, бирде элибизди тукум курут кылууга умтулган элдер тарыхыбызга кандуу эн тамгаларды калтырды.

Армия – мамлекеттин тиреги! Эгемендүү мамлекетибиздин коопсуздугу жана көз карандысыздыгынын алдында биз аскер кызматкерлери түздөн-түз жоопкерчиликтүүбүз. Ошондой эле, Куралдуу Күчтөрдүн катарын билимдүү, күжүрмөн адис-офицерлер менен толуктап туруу – эң биринчи тапшырмабыз. Демек, биз ар бирибиз өз милдетибизге олуттуу болушубуз зарыл.

Урматтуу, курсанттар жана жоокерлер. Келечек — жаштардын колунда! Ата-бабаларыбыз мурас кылып калтырган эркиндикти бекем сактап, Мекен алдындагы парзыңарды ар намыстуулук менен аткарып, татыктуу билим ээлери болосуңар деп ишенем! Анткени, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн билимдүү, күжүрмөн жаштар гана коргой алат.

Баарыңыздардын келе жаткан майрамыңыздар менен куттуктаймын. Сиздерге бекем ден-соолук, ишиңиздерге албан ийгиликтерди каалаймын. Асманыбыз ачык, Мекенибиз тынч болсун.

 

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн

Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант

К.Усенбеков атындагы Аскер институтунун башчысы

полковник А.М.Темиров

Добавить комментарий