Мамлекеттик тил күнүнө 30 жыл

Мамлекеттик тил күнүнө 30 жыл

 

2019-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Аскер институтунда Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына  карата иш-чара болуп өттү.

Аталган иш-чарага Аскер институтунун жетекчилиги, Маданият жана маалымат министрлигинин өкүлү жана Аскер институтунун өздүк курамы катышышты.

 

Алгач Аскер институтунун башчысы полковник Руслан Шаршембиев Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, аскер институтунун өздүк курамы да мамлекеттик тилге кайдыгер карабастан, жыл сайын тил майрамын өткөрүп, улуттук тилге карата мамиле бир топ өзгөрүлгөндүгүн айтты. Ал өз сөзүндө «Биз барыбыз жакшы билебиз, улуттук тилсиз, улут болушу мүмкүн эмес, улут бар жерде мамлекет бар, ошондуктан өз эне тилибизди, маданиятыбызды, рухубузду, каада-салттарыбызды көзбүздүн карегиндей сакташыбыз керек» — деди.

Андан соң, Мамлекеттик тил күнүнө карата курстар аралык конкурс өткөрүлүп, конкурста: автордук ыр, кыргыз элинин белгилүү акындарынын ырларынан көркөм окуу, макал-ылакап айтуу, дубал-газеталарды чыгаруу каралды. Конкурстун жеңүүчүлөрүнө КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана Аскер институтунун жетекчилиги тарабынан сыйлыктар тапшырылды.

 

Назик Сооронбаева

Добавить комментарий