«Манас эпосундагы аскер өнөрү»

2022-жылдын 15-июлунда Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин «Тамга» аскер санаториясынын аймагында «Манас эпосундагы аскер өнөрү» темасындагы эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференция Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги «Манас» эпосунун үчилтиги       (« Манас», «Семетей», «Сейтек») – ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөн№126 жарлыгын жүзөгө ашыруу максатында өткөр. Иш-чарага КР Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов, КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касманбетов, Жогорку Кенештин депутаттары, министрликтердин жана ведомстволорунун, Ысык-Көл областынын мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл областынын жогорку жана жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчиликтери, ошондой эле Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмунун бириккен штабынын жана чет элдик аскер-дипломаттык корпусунун өкүлдөрү катышышты. Конференциянын жүрүшүндө Айкөл Манастын образынын мисалында аскер кызматчыларын мекенди сүйүүгө тарбиялоо жана жана “Манас” эпосундагы аскер өнөрүн, аскердик аспектерин изилдөө (окутуу) маселелери каралды.

 

Leave a Reply