Мекен коргоочусунун күнүн утурлап

Мекен коргоочусунун күнүн утурлап

 

2019-жылдын 13-14-февралында Кыргыз мамлекеттик дене тарбия  жана спорт  академиясынын спорт аянтында, 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата КР Жогорку окуу жайлар арасында спорттук мелдештер болуп өттү.

Мелдешти Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча Мамлекеттик агентиги тарабынан  уюштурулуп, жалпы дене-тарбиялык кѳнүгүүлѳр боюнча мелдеш болду.  Ага Кыргыз Республикасынын жалпы жогорку окуу жайларынын кызматкерлери катышып, Аскер институтунун офицерлери жана кызматчылары да четте калышкан жок. Ага Аскер институтунан полковник Руслан Матисаков, подполковник Бактияр Нурматов, капитан Айгуль Бугубаева, улук лейтенант Диана Джобазарова, капитан Максат Сартбаев,  кызматчы кыз-келиндерден  Гульзима Мамбеталиева,  Айгерим Бекболова мелдешке чыгышты.

Биздин Аскер институтунун командасы Бишкек шаарынын билим берүү системасынын жогорку жана кесипчилик орто окуу жайларынын кызматкерлеринин арасында өткөрүлгөн «Ден-соолук» спаратакиадасынын жалпы денени чыңдоо мелдешинин  жыйынтыгы боюнча 634 упайы менен «Чылымга – жок!»  урааны астында экинчи орунду ээлегендиги үчүн II даражадагы Дипломго ээ болушту. Буга байланыштуу Аскер институтунун сапттык аянтында тапшыруу аземи  өткөрүлүп, Аскер институтуунун башчысы полковник Руслан Шаршембиев аскер кызматкерлерин жана кызматчыларды куттуктап, жалпы командалык Дипломду тапшырып, спорттук жетишкендиктердин мындан да көбүрөөк жана сапаттуу деңгээлге көтөрүлүшүн каалады.

Мындай спортчуларды даярдоодо Аскер институтунун дене тарбия кафедрасынын жеңил атлетика жана гиря көтѳрүү боюнча спорт чебери полковник Борис Федеровдун салымы абдан зор десек болот. Ошону менен бирге Дене тарбия кафедрасынын жалпы жамаатын жана спорттук мелдештерде жаңы бийиктиктерди багындырган офицерлерге жана кызматчыларга ийгиликтерди каалайбыз. Алга Аскер институту!

.                                                                                         Назик Сооронбаева

 

 

 

Добавить комментарий