Офицердин урматына арналган салтанат

Офицердин урматына арналган салтанат

2018-жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Аскер институтунда салтанаттуу  иш-чара болуп ѳттү. Бул чакан салтанат Аскер институтунун башчысынын орун басары полковник Тайырбек Мадымаровду ардактуу эс алууга узатууга байланыштуу уюштурулду. Аталган иш-чара Аскер институтунун саптык аянтында Аскер институтунун жетекчилиги жана ѳздүк курамынын катышуусунда белгиленип ѳттү. Иш-чаранын жүрүшүндѳ Аскер институтунун башчысы полковник Руслан Шаршембиев куттуктоо сѳзүн айтып, — Ооганчы-офицердин аскер кызматындагы күжүрмөн даярдыкты жогорулатууда, аскердик тажрыйбаларды арттырууда, Куралдуу Күчтөрдө патриот-билимдүү офицерлерди даярдоодо, деги эле аскер окуу жайыбыздын ишин алдыга жылдырууда жумшаган иш-аракеттериңизди, кошкон салымыңызды сыймыктануу менен белгилегим келет,-деди, жана полковниктин мындан аркы иш-аракетине, эс алуусуна албан-албан ийгиликтерди, бекем ден-соолукту, үй-бүлѳлүк бакыт-таалайды каалады.

Салтанат андан тышкары курсанттардын атынан чыккан каалоо-тилектер менен да коштолуп, маанай көтөрүп турду. Полковник Тайырбек Мадымаровдун айтуусунда, ал аскер кызматын кичине кезинен эле ѳзү тандап алган. — Олуттуу таасир болуп аскер кызматын тандап алуума Улуу Ата Мекендик согуш жѳнүндѳ китептерди кѳп окуганым, ошол мезгилдеги “Офицерлер”  кѳркѳм фильмин кѳрүү түрткү берген,-дейт. — Баардык кыйынчылыктарга карабастан аскер кызматында тыныгуусуз 35 жыл кызмат ѳтѳдүм. Бул узак убакыт ичинде эң жакшы, эсте калаарлык окуялар болду. Алардын орчундууларына, 1987-жылы Россия Федерациясынын Тюмень шаарындагы Аскердик-инженердик командалык окуу жайды бүтүргөнүм, андан соң эң алгачкы биринчи офицердик погонду тагынганым, аскердик академиядан диплом алуум жана илимий диссертациямды коргоом кирет. Ошондой эле Коргоо министрлигинен жаңы үйдүн ачкычын алган күнүм да мен үчүн эң маанилүү эсте калаарлык окуялардан түбѳлүккѳ калганы жана бул абдан кызыктуу, маанилүү окуяларды азыркы убакка чейин мен кубаныч менен эстейм. Ата Мекенге кызмат ѳтөѳ абдан жоопкерчиликтүү жана оор кесип.

 

Ошондуктан жаш  офицерлерге менин кааларым, Ата Мекенди коргоого жана Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүн өнүктүрүүгө өз салымыңарды кошуп, аскер кызматында кандай гана кырдаалдар болбосун Мекенди коргоого дайым даяр турган аскер кызматчыларынан болууга чакырам. Ошондой эле үй-бүлѳѳңүздѳргѳ жана кызматыңарга жоопкерчиликтүү мамиле кылгыла. Аскер кызматында иштеп жүргѳнүмдѳ патриот жана профессионал, ѳзүнүн ишин мыкты билген адамдар менен иштешип калгандыгыма абдан ыраазымын. Алар генерал-майор Асанбек Алымкожоев, генерал-майор С.Сейдалиев, полковник Бакыт Бекболотов ж.б. Бул офицерлерден үлгү гана алса болот деп ойлойм.

1988-жылы   Афганистан Демократиялык Республикасынын Кундуз провинциясында 201-мото аткычтар дивизиясында взводдун командиринин кызматында иштедим. Аскердик операцияда Кундуз-Таликан унаа жолунда мина коюлган жолду тазалоодо жана инженердик чалгын жүргүзүүдѳ аткарган аскердик кызматым үчүн 1988-жылы жайында «Күжүрмѳн кызматы үчүн» аттуу медалы  менен сыйлангам,- деп сѳзүн аяктады. Ардактуу эс алууга кетип жаткан офицердин үлгүлүү жолу өздүк курамдын, кесиптештеринин эсинде сакталат жана керек учурда тажрыйбалуу офицердин бай казынасынан кеңештерди алып турабыз деп ишенем.

Назик Сооронбаева  

Добавить комментарий