Олимпиада бизди курчутту

 Олимпиада бизди курчутту

Ар бир өлкөдө билим берүүдө математика эң негизги предмет катары каралып келет. Себеби, математика предмети   адам баласынын  ой жүгүртүү көндүмдөрүн өстүрүүгө өбөлгө түзөт. Ошол себептен азыркы учурда күндөлүк маселелерди чечүүдө айрыкча математикалык ой жүгүртүүгө, логикалык сабаттуулуктун калыптанышына олуттуу кѳңүл бурулууда. Бирок, эӊ негизгиси-математика  адам баласынын инсандык  сапаттарын калыптандырууга жана  алардын максатка жетүүсүнө кепилдик берет. Аскер институтутунун курсанттары да окуу пландын негизинде математика сабагынан билим алып келишет. Жакында 2018-жылдын 1-21 апрелдеринде Россия Федерацияснынын  Коргоо Министрлигинин уюштуруусунда  Казакстан мамлекетинин Алма-Ата, Россия Федерацияснынын Санкт-Петербург, Москва шаарларында IV эл аралык олимпиада болуп, мыкты табылган командалар иргелип чыкты.  Аталган олимпиадага 7 мамлекеттин жогорку аскер окуу жайларынын  курама командалары катышты. Алар Россия Федерациясы, Казакстан, Узбекиситан, Белоруссия, Кыргызстан Армения, Таджикистан болду. Ошентип, алгачкы олимпиада 1-7 апрелине чейин Алма-Ата шаарында математика тармагындагы болуп, 7 команда ат салышты. Аскер институтунан курсанттар Чыңгыз Капаров, Самат Касымов, Алтынбек Айтибаев, Нургаазы Сагынбаев катышты. Курсанттарды жетектеп табигый илимдер тартиби кафедрасынын башчысы полковник Борис Казионов болду. Айта кетсек бул олимпиадага биздин курсанттар биринчи жолу катышып жаткандыктан абдан кызыгууну жараттып, теориялык алган билимдерин колдонуп, ѳз аракеттерин жумшашты. Олимпиаданын соңунда калыстар тобунун чечими менен Аскер институтунун курсанттары 6 орунга ээ болушуп, баалуу белектер, грамота, дипломдор менен сыйланышты.

Ошондой эле 17-21 апрелге чейин Россия Федерацияснынын  Москва шаарында информатика сабагы боюнча таймашка да  биздин курсанттарыбыз четте калган жок. Алар курсант Санжар Эмилбеков, Бекболот Кудайбергенов, Сергей Косачев болду. Курсанттар менен бирге Табигый илимдер тартиби кафедрасынын информатика мугалими, доцент Айсада Жунушалиева барды. Доцент эжебиз ошондой эле калыстар тобунун курамын түздү. Аталган олимпиадага 49 команда катышып, 6 орунга татыктуу деп табылып,  IV эл аралык олимпиаданын кубогу менен жана баалуу  белектер, грамота, дипломдор  менен  сыйланышты.              Олимпиаданын негизги максаты информатика тармагында курсанттардын практика жүзүндѳ тажрыйба алмашуусу жана ѳз ара пикир алмашууну, достукту чыңдоо болду.  Билим сынагынын күбѳсү Айсада Жунушалиева — Олимпиаданын жүрүшүндѳ  калыстар тобу тарабынан ачык-айкындык, уюштуруучулук бийик деңгээлде ѳттү. Информатика илими,  жаңыдан өнүтүп-өсүп калыптанып жатат. Ошондуктан жаш илим болуп эсептелет. Ошону менен бирге олимпиаданын ѳзгѳчѳлүгү болуп, информатика илими жаңы кошулгандыгы жана Аскердик медицинанын кыздары менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ѳкүлдѳрү да бул олимпиадага катышкандыгы болду.             Келечекте биздин курсанттарыбыз мындай эл аралык олимпиадаларга үзгүлтүксүз катышып, алдыңкы орундарга ээ болооруна үмүтүм чоң, — деди. Мындан сырткары 14-майдан 19-майга чейин жыйынтыктоочу олимпиада Москва шаарында аскердик профессионалдык даярдык боюнча болуп ѳттү. Аталган олимпиадага 43 команда катышты. Ага курсанттар Нуртемир  Калысбеков, Нурланбек Сатыбалдиев, Ашырали уулу Мавлянбек, Нурлан уулу Эрлан, Абдималик Камбаралиев, Эрлан Кадырбеков  катышты. Айта кетсек Аскер институтунун курсанттары гумманитардык миссия номинациясы боюнча 3- орунга ээ болушуп, диплом ыйгарылды.             Ал эми жалпы командалык эсеп менен 4-орунду багындырышты. Курсанттарга атайы арналып баалуу белектер, IV эл аралык олимпиаданын кубогу, менен сыйланып кайтышты. Дене-тарбия кафедрасынын башчысы полковник Алимжан Мусаев ѳз сѳзүндѳ: Бул таймаштын жүрүшү өтө кызыгууну, курч атаандаштыкты жаратты. Мындай турнирге биринчи жолу катыштык. Бул жолку жыйынтык жаман эмес. Ийгиликке жетишттик деп ойлойм. Ал эми алдыда турган V эл аралык олипиадага мындан жакшы жетишкендиктер болушуна мыкты курама команда түзүп, эки айлык спорттук жыйын ѳткѳрѳбүз, — деп ѳз оюн билдирди.

 

Назик Сооронбаева

 

 

 

Добавить комментарий