Открылся сайт военного института ВС КР

С радостью сообщаем, что открылся официальный сайт Военного института Вооруженных Сил Кыргызской Республики имени Героя Советского Союза генерал-лейтенанта К. Усенбекова. Если есть вопросы, то можно задать их воспользовавшись обратной связью.

 

 

Курсанттар практикалык стажировкада

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Аскер институтунун 2018 -жылга түзүлгѳн  планына ылайык үстүбүздѳгү жылдын март айында Аскер институтунун 4-курсунун курсанттары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бардык аймактардагы аскердик бөлүктөрүндө жана кошуундарында 4 жыл бою алган теориялык билимдерин,  практика жүзүндо чындап, болочок офицер катары кесиптик стажировкадан өтүп, тажрыйбаларын такшалтып жатышкан учур.

Бүтүрүүчү курстун курсанттары үчүн бул эң акыркы стажировка болуу менен алар аз убакыттан соң адис-офицер катары бул кызматтарды өз милдеттерине алышат. Курсанттардын практикалык иш-аракети, взвод башчы катары өздүк курамды жетекчилике алып, иш кагаздарын өз тартибинде уюштуруу, журум-турумдары алар стажировка өтүп жаткан аскер бөлүктөрдүн жетекчиликтери тарабынан жогору бааланууда.

Аталган стажировкадан өтүп жаткан курсанттарга жана аларды кѳзѳмѳлгѳ алган Аскер институтунун офицерлерине Аскер институтунун башчысынын ѳздүк курамы менен иштѳѳ боюнча орун басары полковник  Курсанбек Бекташов жетекчилик кылууда.   

 

-Жыл сайын талаа чыгууларында курсанттарга практикалык машыгуу сабактары ѳткөрүлүп, күжүрмѳн даярдыктары дыкат текшерилип турат.

     Андыктан, курсанттар практика учурунда да өз милдеттерин так аткарып жатышат. Аскер институтунун курсанттары — Мекен коргоочу катары, кыргыз элибиздин тынчтыгын сактоого бекем болооруна ишенемин, -деди полковник  Курсанбек Бекташов.

 

 

4-курстун курсанттары бул стажировкадан сон, бүтүрүүчү мамлекеттик экзамендерге даярдык көрүшөт. Болочокто алар төрт жыл бою алган билимдерин, талаа чыгууларындагы жана стажировка учурундагы алган тажрыйбаларын кызмат үстүндѳ так колдонуп, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн мыкты аскер кызматкерлеринин катарын толуктайт деп ишенебиз.

Назик Сооронбаева

 

 

 

 

Аскер институтунда «Эл аралык  Кызыл  Крест» комитетинин семинары

«Эл аралык Кызыл Крест»  комитетинин  2018-жылынын  кызматташтык планынын негизинде 27-мартта Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Аскер институнунуна НАТО жана Борбордук Азия аймагында жайгашкан ОДКБ мамлекеттери менен кызматташуу боюнча регионалдык делегаты мырза Винко Мославац келип, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн улук офицерлер курамына  мѳѳнѳтү 2 күнгѳ созулган тереңдетип билим берүүчү семинар болуп ѳттү.

Аталган семинарга Аскер институтутунун  жана КР КК ГШ Улуттук гвардиясынын офицерлери  катышышып,  «Куралдуу согуш чатактардын укуктарын таануу» темасында лекция окулуп,  катышуучулар арасында кызуу талкуулар болду.

Бул семинардын негизги максаты Куралдуу Күчтѳрдүн офицерлерине «Куралдуу согуш чатактар укуктарын таануу» тууралуу терең билим берүү жана эл аралык кызматашттыкты бекемдѳѳ. Ошону менен бирге уюштуруучу «Эл аралык  Кызыл  Крест» комитети тарабынан  мындан ары да кызматташуу максатында Аскер институтуна «Laptop Lenovo ideapad» маркасындагы ноутбук жана «Canon LBP6030B» маркасындагы принтер белек катары тапшырылды.

 

Назик  Сооронбаева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий