Президент С.Жээнбековдун стипендиясына татыган курсанттар

Президент С.Жээнбековдун стипендиясына татыган курсанттар

2018-жылдын 25-декабрында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын студенттерине президенттик стипендия тапшыруу аземи болуп өттү. Айырмаланган 69 студентке стипендияларды президент Сооронбай Жээнбеков тапшырды. Бул иш-чарадан Аскер институтунун курсанттары дагы четте калган жок. Тагыраак айтканда, 4-курсттун курсанттары Чыңгыз Капаров,  Кудайберген Муканбетов  Кыргыз Республикасынын Президентинин «Окууда, илимий чыгармачыл жана коомдук иштерде ѳзгѳчѳ айырмалангандыгы үчүн»  Грамотасы жана Президенттик стипендияга татыктуу болушту.

Курсант Кудайберген Муканбетов: — “Башкы кол башчыбыз Сооронбай Жээнбековдун колунан «Грамота» жана Президенттик стипендия алганым бул мен үчүн чоң  сыймык деп эсептейм. Аскер институтунда билим алып жаткандыгыма сыймыктанам. Бизге татыктуу билим берип жатышкан Аскер институтунун жетекчилигине, мугалимдер жааматына ыраазычылыгымды билдирем. Бул менин эле ийгилигим эмес, дал ушул Аскер институтунун окутуучулар жамаатынын жетишкендиги экендигин баса белгилейм.

Эми мындан ары дагы окуумда эң жакшы көрсөткүчтөргө жетшкенге, кыргыз элиме, Ата Мекенимдин ѳнүгүшүнѳ ѳз салымын кошкон болочоктогу мыкты аскер кызматчысы болом  деп ишендирип кетким келет”, деди биз менен болгон баарлашуусунда.

Ийгилигиңер менен, үлгүлүү курсанттарыбыз менен биз ар дайым сыймыктана жүргөндөй бийиктиктерди багындыргыла, алга кыргыз Аскер институту!

 

Назик Сооронбаева

 

Комментарии закрыты