Спорт тармагында жетишкендиктер

Спорт  тармагында жетишкендиктер

2019-жылдын Аскер институтунун окуу планынын негизинде 17-майда Аскер институтунун базасында 2019-жылкы Аскер институтунун бүтүрүүчүлөрүнүн кубогу өткөрүлдү. Бул иш-чара Аскер институтунун жетекчилиги тарабынан уюштурулуп, футбол жана волейбол боюнча мелдештери болду. Ага КР КК Башкы штабынын, КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттинин, КР Мамлекттик чек ара кызматынын, Кургактагы аскерлеринин, КР Улуттук гвардия жана КР аскердик бөлүктөрүнүн жана кошуундарынын, офицерлери катышышты. Аталган иш-чаранын негизги максаты болуп, мекен коргоочулардын ортосундагы достукту бекемдөөгө жана дене-тарбиялык байланышын чыңдоого, ошону менен бирге аскер кызматкерлеринин дене-тарбиясын такшалтууга өбөлгө түзөт десек болот.

Иш-чаранын жалпы жыйынтыгы менен Футбол боюнча офицерлер: КР КК Генералдык штабы I орунга, КР КК Кургактагы аскерлер II орунга, КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетти III орунга ээ болушту. Ал эми волейбол боюнча офицерлер: КР КК Абадан Кол салуудан коргонуу I орунга, КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетти II орунга, КК Кургактагы аскерлер III орунга татыктуу деп табылды. Белгилей кетсек салтка айланган бул иш-чара быйыл 10 жыл толду. Жыл сайын башкы байге катары Аскер институтунун бүтүрүүчүлөрүнүн футбол жана волейбол боюнча кубогу ойнотулуп келет.

Назик Сооронбаева

Добавить комментарий