Спорт тармагында жетишкендиктер

Спорт тармагында жетишкендиктер

Аскер кызматчылары үчүн спорт — бул күжүрмѳн даярдыктын эң негизги фактору болуп эсептелет. Аскер институтунун келечектеги офицер боло турган курсанттары ар дайым спорт менен тыгыз байланышта. Тагыраак айтканда үстүбүздѳгү жылдын 23-26 майында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн cпорттук клубунда, КР Мамлекеттик Чек ара кызматынын 100-жылдыгынын урматына Урушуу Федерациясы тарабынан эл аралык спорттук мелдештер белгиленип ѳттү. Аталган таймашка Казакстан республикасынын аскер кызматчылары, Аскер институтунун курсанттары, ИИМдин атайы багыттагы «Собр», Чек-ара кызматынын «Бѳрү», Улуттук гвардиянын «Пантера» сыяктуу кошуундуларынан, Абадан кол салуудан коргонуу, аскердик спорт клубу жана ошондой эле Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан эр азаматтар келип күч сынашты. Ошентип, 7 команда ат салышып, Аскер институтуунун курсанттары биринчиликти багындырууга жетишти. Ошондой эле таймаштагы мушкерлер, курсанттар ѳздѳрүнүн жогорку деңгээлдеги даярдыгын кѳрсѳтүү менен, машыктыруучусунун жасаган эмгеги четте калган жок.  Белгилей кетсек, 4-курсттун курсанты Бекназар Азаматов 60 кг салмакта, 3-курсттун курсанты Дархан Эргешов 80 кг салмакта, 1-курсттун курсанты Бектур Султанов 70кг салмакта күч сынашып, пьедесталдан 1-орунду ээлесе, 3-орунду 2-курсттун курсанты Алтынбек Айтибаев 65 кг жана аны менен бирге катардагы жоокер Алмаз Замирбеков 75 кг салмакта ээлеп, Аскер институтунун рейтингин кѳтѳрсѳ команданын машыктыруучусу «Мыкты машыктыруучу» наамына ээ болду.

Кылычтын курчтугу металлдан эмес, аны жасаган устадан болот, анын сыңарындай курсанттардын мындай жетишкендиктерди кѳргѳзүүсү албетте, машыктыруучунун кылган аракеттерине тиешелүү. Аскер институтунун курама командасынын машыктыруучусу, Азиянын 4-жолку чемпиону, таэквандо боюнча 2-дан эл аралык класстагы спорт чебери, кармашып урушуу боюнча 1-дан кара курдун ээси капитан Муканбет уулу Бактияр ѳзү дагы курсант кезинен баштап спорттун ушул түрү менен кызуу машыгып, Кыргызстандын желегин чет ѳлкѳлѳрдѳ желбиретип келген.  Ал эми  сабактардан тышкары убактарда болсо курсанттарды машыктыруу менен алек болот. Бул күч сынашууга катышкысы келген курсанттардын каалоосу зор болгондуктан, машыктыруучусу курсанттардын таймашка катышуусу үчүн болгон аракеттин жумшап, тыным алдырбай машыктырып, жогорку деңгээлдеги даярдыкты пайда кылуу үчүн кѳптѳгѳн аракеттерди жасады. Эң алгачкы машыктырган командасынын жакшы жетишкендиктерди кѳргѳзүүсү,  мындан кийин дагы спорт менен кызыккандардын санын кѳбѳйтүп, дагы кѳптѳгѳн жеңиштерди багындырат деген ишеничтебиз.

 

Назик Сооронбаева

Добавить комментарий