Спорт тармагындагы жетишкендиктер

Спорт тармагындагы жетишкендиктер

Спорт — ден соолуктун булагы, ийгилик — ынтымактын башаты дегендей,  жакын арада 2018-жылдын 12-октябрында  Балыкчы шаарында 20636 аскер бѳлүгүндѳ «Ѳз ара катташтык-2018» («Взаимодействие-2018») аскердик машыгуулар учурунда алар менен чогуу спорттук таймашттар дагы белгиленип ѳттү. Аталган спорттук таймаштарга Кыргыз Республикасынын курама командасынын атынан Аскер институтунун 4-курсунун курсанттары чыгышып,  гирья, армреслинг жана башка спорттук түрлѳрүнѳн мыкты жетишкендиктерге ээ болушту. Аталган таймашка Россия, Казакстан, Белоруссия, Армения курама командалары катышышты. Биздин курсанттарыбыз гирья боюнча I, II, III — орундарды багындырышып,  мелдештин жыйынтыгында салтанаттуу түрдѳ кубок, диплом грамота тапшырылды. Алар Мадаминбек Эрматов, Айтибай уулу Абдижапар, Иманбеков Калдар, Акылбек уулу Дастан, Курсанбек уулу Мадиш,  Божоев Алибек болду. Армреслинг боюнча  I, II орунга ээ болушкан курсанттар дагы кубок, диплом, грамота менен сыйланышты. Айта кетсек, Амдумалик уулу Нурислам, Арзыбек уулу Кумар, Божоев Алибек болду.

Ал эми 4-курсттун курсанты Адумалик уулу Нурислам армреслинг спорт оюнуна катышып, ѳз оюн билдирди. Ал сѳздѳрүндѳ «Аскер окуу жайына окуганымдан баштап армреслинг спорт оюнуна катышып баштадым. Бул иш-чарага активдүү катышып, алдыңкы орундарга ээ болгондугубуз бизди кубантты. Бул таймаштын ѳзгѳчүлүгү башка улуттар арасында болгондугу мени абдан кызыктырды. Казакстан мамлекеттинин аскер кызматчылары күчтүү экенин байкадым. Ошондой эле мыкты спортчуларды даярдоодо Аскер институтунун дене тарбия кафедрасынын  жааматына чоң  ыраазычылык билдирип кетээр элем. Мындан ары дагы Аскер институтунун аброюн кѳтѳрүп, спорттук таймаштарда алдынкы орундарды багындырам деген ниети бар»,- деди.

Ошентип, Аскер институтунун курсанттары талаа машыгуу менен бирге спорттук таймашка да катышып, ийгиликтүү кайтышты.

Аскер институтунун курсанттары ийгиликтери менен кадыр-баркыбызды бийиктетип, аскердик намысты сактап келишет. Андыктан курсанттарыбыздын окууларына ийгилик, спорттук албан-албан жетишкендиктерди каалайбыз.

Назик Сооронбаева

Добавить комментарий