Тил элдин байлыгы жана баалуулугу

 

Тил элдин байлыгы жана баалуулугу

 

 

2018-жылдын  6-июнунда Аскер институтунда «Мамлекеттик тил, улуттук баалулуктарды ааламдаштыруунун алкагына киргизүүнүн зарылдыктары» аттуу семинар болуп ѳттү. Бул семинарга Аскер институтунун жетекчилиги жана КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын  тѳрагасы Назаркул Ишекеев, Ыйман фондунун тѳрагасы Нуржигит Кадырбеков, Аскер институтунун  ѳздүк курамы катышты.

 

Семинардын негизги максаты таасирдүү инсандардын жардамы менен жаштардын мамлекеттик тилге болгон жоопкерчилигин жогорулатуу, ага болгон милдетин  сый-урматын  артыруу жана реалдуу мисалдардын негизинде тилди билүүнүн маанилүүлүгүн жеткирүү болуп саналды.  Семинардын жүрүшүндѳ Н. Ишекеев ѳз сѳзүндѳ «Сиздер Кыргызстандын чыгаан уулу Советтер Союзунун батыры генерал-лейтенант Калыйнур  Усенбековдун атын алып жүргѳнүнүздѳрдүн ѳзү эле бул улуттук чоң дѳѳлѳт, кайталангыс  баалуулук» деп, создорунун маанисинде байыркы кыргыз элинин тарыхына дагы токтолуп кетти. Мындан сырткары мамлекттик тил, улуттук баалуулуктарды пландаштыруунун алкагына киргизүүнун зарылдыктары жѳнүндѳ Н. Кадырбеков курсанттарга жеткилүүктүү түрдѳ баяндап берип, зал ичинде терең талкуулар болуп, катышуучулар тараптан тил багытында, улуттук идеологиянын баалуулуктары боюнча  сѳз улантылды.

 

 

 

Семинардын соңунда Аскер институтунун башчысы полковник Артур Темиров келген конокторду ыраазычылык кат менен сыйлап, Аскер институтутун 77 жылдыгына арналган гимн тартууланды. Ал эми КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан активдүү катышкан аскер кызматчыларына жана курсанттарга белек катары китептер  тапшырылды. Бул иш-чаранын кѳркүн ачып 4-курсттун бүтүрүүчү курсанттары «Офицердик вальс» бийин тартуулап, семинар  ѳз максатына жеткени байкалып турду.

 

 

 

                                               

 

 

Назик Сооронбаева

Добавить комментарий