Улуу инсандарга таазим

Улуу инсандарга таазим

КР Куралдуу Күчтөрүнүн тутумундагы Аскер институту Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбековдун атын алып жүргѳн, өлкөбүздөгү жалгыз жогорку аскер окуу жайы. Андыктан Улуу Жеңиш күнүнүн 74-жылдыгына карата 2019-окуу жылына түзүлгѳн пландардын негизинде Аскер институтунун тарбия иштер бѳлүмүнүн жааматынын уюштуруусунда 4-курсттун курсанттары «Ала-Арча» күмбѳзүнѳ барышып, Калыйнур Үсөнбековдун жана ал мүрзѳгѳ улуу инсан адамдардын, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына гүлдесте коюлуп, куран окутулду. Белгилей кетсек, бул иш-чара  жалгыз генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбековго  эле эмес бүткүл Улуу Ата-Мекендик согушта кан тѳгүп ѳмүрүн эли-жери үчүн кыйган ардагерлерге таазим этүү максатында жүргүзүлдү.

Мындан сырткары 9 май Улуу Жеңиш майрамынын урматына Аскер институтунун башчысы полковник Руслан Шаршембиев жана Аскер институтунун  куралдандыруу боюнча орун басары подполковник Павел Саньков  Аскер институтунун Улуу Ата Мекендик согушунун катышуучусу Боклов Григорий Васильевичти  жашаган үйүнө барып 9-май майрамы менен куттуктап, «Эмгек сиңиргендиги үчүн» медалы менен сыйлашты,  атайы даярдалган белектерин тартуулашты.

Полковник Руслан Шаршембиев ардагер менен жылуу маек куруп, ага чың ден-соолук, узак өмүр, бакыт-таалай каалады. Боклов Григорий Васильевичтин айтуусунда: Россия Федерациясынын Омск шаарында 1927-жылы 25-ноябрда туулган. 1945-жылы январь айында аскерге чакырылып, Красноярск шаарында аскер кызматын өтөгөн. Андан соң 1945-1952 жылга чейин  СССРдин Ыраакы Чыгыштагы Порт-Артур чек арасында старшина аскер наамында суу астындагы кемеде  ЩА-122 бөлүмдүн командири   болуп кызмат өтөгөн. Боклов Григорий Васильевич Аскер институтунун жетекчилигине терең ыраазчылыгын билдирип, 9-май майрамы менен куттуктап, Аскер кызматкелеринин иштери өркүндөй беришин каалады.

Ата-бабаларыбыздын элибиздин келечеги, жаркын жашоосу үчүн жасаган эрдиктерин тарых карыта албайт. Жаш муун аларды  унутпай  таазим жасап  келе жатканы буга ачык далил.

Назик Сооронбаева

 

Добавить комментарий