Универсиада – 2019

Универсиада – 2 019

 

Жакын арада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы массалык-спорт жана ден соолукту чыңдоо боюнча республикалык «Жаштык» борбору аркылуу Универсиада-2019 иш-чарасы уюштурулду. Ал үстүбүздѳгү жылдын 2-мартында Кожомкул атындагы спорт сарайында салтанаттуу түрдө ачылып,  21-апрелде  жыйынтыгы чыкты.

«Универсиада-2019» спорттук мелдешиндеги оюндарга Аскер институтунун курама командасы тийиштүү деңгээлде  катышты. Бул оюндардын тизмесине теннис, шахмат, ордо, тогуз коргоол, баскетбол, футбол, улуттук күрөш, грек-рим күрөшү, жеңил атлетика жана дагы башка көптөгөн спорттук оюндардын түрлөрү кирди.  Аталган мелдешке беш миңге жакын спорт чеберлери катышышты. Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын арасындагы 2019-жылдын Универсиадасында уландар арасынан алдыӊкы орунга Аскер институтунун курама командасы чыгып, ордо оюну боюнча I орунду ээлегендиги үчүн медалдар, кубок жана дипломдор менен сыйланышты. Алар, курсанттар Алманбет уулу Бекмырза, Бектемир уулу Аманболсун, Асылбек Дамирбеков, Самарбек Кѳлбаев, Нуртемир Калысбеков, Жолдошбек Байбосунов, Азамат Кутмидинов. Ал эми грек-рим күрөшү боюнча I орунга курсант Абсамат Малаков  татыктуу болду. Ошондой эле жеңил атлетикада I орунга курсанттар Болотбек Кудайбергенов, Айнабек уулу Тимур, Арслан Эрназаров, Бакыт Алышов татыктуу деп табылды.

Дене тарбия кафедрасынын окутуучулары Олимпиадалык жана аскердик машыгуунун дагы башка спорттук түрлөрүндө, улуттук оюндарда спортчу-курсанттарды жыл сайын жогорку деңгээлде даярдап келишет. Армия менен спорттун киндигинин туташтыгынын дагы бир айныгыс далили катары так ушул болочок аскер офицерлеринин мындай таймаштарда дайыма байгелүү орундарды ээлеп келгендигин ишенимдүү айта алабыз.        

Назик Сооронбаева

Добавить комментарий