«ЫССЫК-КӨЛ –ТЕРРОРГО КАРШЫ – 2018»

2018-жылдын 6-августунан тартып Аскер институтунун 3-курсунун өздүк курамы окутуучулар менен бирге Балыкчы шаарындагы 20636 аскер бөлүгүнүн «Эдельвейс» окуу борборунда «Ыссык-Көл –Террорго каршы – 2018» окуу жыйынын уюштуруу жана катышуу максатында даярдыктан өтүп жаткан учур.

Учурда курс башчысы майор Кашкаралиев Уланбек баштаган 3-курстун курсанттары күжүрмөн унааларды айдоо жана ок атуу боюнча машыгуулардан өтүп, теориялык алган билимдерин практика жүзүндө бекемдеп жаткан учур. Ошондой эле, байланыш, инженердик даярдоо, тактииикалык даярдоо, күжүрмөн унаалардын түзүлүшү жана оңдоо, радиациялык, химиялык жана биологиялык каражаттардан коргонуу боюнча сабактар Аскер институтунун окутуучулар курамы тарабынан өткөрүлүүдө.  Алдыда боло турган террорго каршы биргелешкен жыйында биздин курсанттар механик-айдоочу жана оператор-түздөөчүнүн милдеттерин аткаруга жоопкерчиликтүү болушат.

-Бизге быйылкы «Эдельвейс» окуу талаасындагы машыгуулар, окутуулар өзгөчө тасир калтырды. Анткени, башка аскердик бөлүктөр менен бирге күжүрмөн машыгуулар жана спорттук мелдештердин үстүндө кызуу атаандаштык жүрүп, алдыда боло турган «Ыссык-Көл –Террорго каршы – 2018» окуу жыйынында өз милдеттерибизди татыктуу аткарууга даярдыктар көрүлүп жатат. Биз баарына жетишип жатабыз. Спорт  менен машыгып, күжүрмөн тапшырмаларды аткарып, сабактарыбызды окуп, ал тургай эс алууга да мүмкүнчүлүк болуп турат, -дейт 3-курстун курсанты Ишенбек уулу Улан.

Аталган окуу борборунда Аскер институтунун өздүк курамынан сырткары Ош жана Кой-Тай бригадасы, Майлы-Суу, Улуттук Гвардиянын 714 атайын багыттагы Пантера батальону, кургактагы аскерлердин «Скарпион» атайын багыттагы бригадасы, Балыкчы гарнизонунун артиллериялык батареясы, 20636 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы даярдыктан өтүүдө.

Дем алыш күндөргө уюштурулган спорттук мелдеште 8 команданын ичинен биздин курсанттар аскердик эстефета боюнча 2-орун, аркан тартуу боюнча 3-орун, футбол боюнча 1-орунга ээ болушту. Ал эми, курман айт майрамына карата уштурулган спорттук иш-чарада футбол боюнча мелдеш уюштурулуп, Аскер институтунун курсанттары жогоруда көрсөтүлгөн 8 команданын ичинен 1-орунду камсыз кылышты.

Назик Сооронбаева

Добавить комментарий